Жалал-Абад областында айыл чарба өсүмдүктөрүнөн көбүрөөк түшүм алуу максатында дыйкандардын жер семирткичтерге болгон талабын канааттандыруу үчүн аракеттер жүрүп жатат. Ошол эле кезде вегетациялык мезгилге сугат тармактарын даярдоо иши колго алынды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Областта быйылкы алынуучу түшүмдүн болжолдуу структурасына жана көлөмүнө ылайык, 32 миң 302 тонна минералдык жер семирткичтер керектеле турганы аныкталган. Быйылкы 4-майга карата жалпы керектелүүчү жер семирткичтин 20 миң 579 тоннасы даярдалып, муктаждык 64 пайыз камсыз болду. Калган бөлүгү муктаждыкка карай даярдала бермекчи. Бүгүнкү күндө Кыргыз жер семирткич менен жабдып туруучулар ассоциациясында (КЖЖА) жалпысынан 5 миң 100 тонна минералдык жер семирткичтер камдалып, област боюнча 14 жерде сатылып жатат.
Ошол эле кезде эгилген өсүмдүктөрдү сугаруу ишин баштоо үчүн ирригациялык системаны толугу менен даярдоо иши жүрүүдө. Областтагы чарбалар аралык каналдарды ремонттоо 90 пайыз, каналдарды механикалык тазалоо 86 пайыз, гидротехникалык курулмады ремонттоо 96 пайыз, насостук станцияларды ремонттоо 82 пайыз аткарылды. Жалпы 3285 чакырым ички чарбалык каналдар тазаланып, даярдыгы 94 пайызга жетти.