Таажылуу вируска байланыштуу жарыяланган карантинден улам иш-аракети токтотулган ишканалар акырындап ишке кирип, Жалал-Абад областынын экономкасы жандана баштады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы 1-апрелге карата област боюнча жалпысынан 7193 чарба жүргүзүүчү субъекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, аталган субъекттердеги 19 миң 874 адам убактылуу иштебей калган. Эми 1-майдан баштап иш объектилеринде өндүрүштү этап-этабы менен жандандыруу иш-чараларына ылайык, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган 1452 субъекттин (6919 жумуш оруну менен) иши жандандырылган.
Сузак районунун аймагында 208 азык-түлүк жана турмуш-тиричиликте күнүмдүк керектелүүчү буюм-заттарды саткан аралаш дүкөндөр иштөөдө. Ал эми Жалал-Абад шаары боюнча 3 базар — муниципалдык борбордук базар, “Береке” базары жана “Аль-Мадина” базары, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды саткан 25 ири соода түйүндөрү, 27 майда дүкөнчөлөр, дары-дармек саткан аптекалар үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Областтын экономика тармагына таажылуу вирус инфекциясынын терс тасирин төмөндөтүү, бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо максатында өнөр жай тармагындагы “КАЗ Минералз Бозымчак”, “Эти-Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомдору, “Кыргызнефтегаз” акционердик коому, “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коому, энергетика тармагындагы “Токтогул ГЭС Каскады”, “Камбар-Ата ГЭС-2”, “Курулуп жаткан ГЭСтер” жана башка ишканалар белгиленген тартипте иштеп жатат.