Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билдиргенине караганда, азыр дүйнөдө 1,5 миллиард мектеп жашындагы балдар үйлөрүндө аралыктан окуу менен алек болушууда. Бирок, тилекке каршы, алардын тең жарымынын үйүндө компьютер да, интернет да жок.
Тажылуу вирус пандемиясына байланыштуу 100дөн ашуун өлкөдө мектептер жабылган, бир жарым миллиарддан ашык бала мектепке барбай калган. Алардын зор көпчүлүгү аралыктан окууга өткөрүлдү, бирок 826 миллион баланын үйдөн окууга мүмкүнчүлүгү жок. Анткени үйүндө компьютер менен камсыз болбогон.
Мындай маалыматтарды БУУнун Эл аралык балдар фондусунун (ЮНЕСКО) Статистикалык интституту жана Электр байланышы боюнча эл аралык союз берген маалыматтарга таянып ЮНЕСКО таркатты. Буга чейин ЮНЕСКО өзүнүн сайтында онлайн окутуу үчүн жеткиликтүү тиркемелердин жана платформалардын тизмесин жарыялаган жана бардык мамлекеттерге жөнөткөн. Бирок, бардык эле өлкөлөр мугалимдер жана ата-энелер тарабынан балдарды онлайн окутуу боюнча бирдей мүмкүнчүлүккө ээ эмес болуп чыкты. Балдардын колунда ошол тиркемелерди жүктөп ала турган ноутбуктар же сартфондору жок. Кала берсе интернет байланышы жагынан да көйгөйлөр барлыгы ачык болду.
Мындай “санариптик” теңсиздик кирешеси аз өлкөлөрдө орун алууда. Алсак, Африканын Сахара чөлүнөн түштүк жагында жайгашкан өлкөлөрдө окуучулардын 89 пайызынын үйүндө компьютери, 82 пайызынын үйүндө интернет жок экен. Ырас, көптөгөн балдардын колунда мугалимдери же достору менен байланышып, карым-катнаш жасоого мүмкүндүк берүүчү мобилдик телефондору бар, бирок 56 миллион окуучу жашаган аймактарда мобилдик байланыш таптакыр эле жок.
ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле айымдын билдиришинче, мындай кыйынчылыктагы өлкөлөрдө балдарды окутуунун альтернативалуу жолдорун, атап айтканда, радиостанциялар менен телевидениени пайдалануу сунуштары берилген.
Эскерте кетсек, учурда 1,5 миллиарддан ашуун окуучулар мектепке бара албай жатышса, мектептердин 63 миллион мугалимдери жумушка бара албай жатышат. Аралыктан окутуунун кыйынчылыгын бир гана окуучулар эмес, мугалимдер да тартып жатышат.