Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлиги иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөндүк, бул жааттагы мыйзам нормаларын бузгандык үчүн мыйзам алкагында айып пул салуу сунушун киргизди. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Аталган министрлик кызмат адамдарын иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзбөгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Өлкөнүн Конституциясынын 4-беренесине ылайык, өзбек тили мамлекеттик тил болуп саналат жана “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын 9-беренесинде мамлекеттик органдарда, башка да мекме-ишканаларда иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөрү, зарыл учурда башка тилдерге которулушу мүмкүн экени жазылган. Ошол эле мыйзамдын 10-беренесинде бардык мекеме-уюмдарда иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, эгерде айрым жамааттарда өзбек тилин билбегендер көпчүлүктү түзсө, анда кошумча башка тилде да жүргүзсө болору айтылган.
Министрлик айрым жайларда мыйзам талаптары аткарылбай, иш-кагаздары башка тилдерде жүргүзүлүп, мамлекеттик тилге болгон сый-урмат төмөндөп жатканын белгилейт. Ошол эле кезде өлкөнүн мыйзамдарында мындай мыйзам бузууларга каршы жоопкерчилик каралган эмес. Административдик кодекстин 42-беренеси мамлекеттик тил мыйзамын бузуу маселесин козгогону менен анын практикалык мааниси жок.
Ошого байланыштуу Юстиция министрлиги мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн кызмат адамдарынын административдик жоопкерчилигин кароону жана тийиштүү мыйзам беренелеринде кызмат адамдарына экиден бешке чейинки базалык эсепте айып пул салууну сунуш кылды. Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууда чет элдик мыйзам нормалары да эске алынды.
Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган соң, ар кандай пикирлер жаралып, адам укуктарын бузат деген кептер тараган. Буга карата Юстиция министрлиги өз пикирин билдирип, бул азырынча долбоор экенин, коомдук талкууга коюлганын, долбоордо адам укугун бузуу нормалары жоктугун айтып чыкты.
Эми коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору өлкө парламентинин кароосуна жөнөтүлөт.