Быйылкы жылы Жалал-Абад областында буудай эгилген аянттарды көбөйтүү каралган. Ошол максатта райондордо жаздык буудай себүү иштери алып барылууда, жалпысынан анын аянты 633 гектарды түзүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев билдирди.
Анын айтымында, жаздык буудай Базар-Коргон районунда 235, Сузак районунда 100, алыскы Токтогул районунда 143, Ала-Бука районунда 55, Тогуз-Торо районунда 50, Аксы районунда 25, Чаткал районунда 25 гектар аянтка себилмекчи. Анан да 20 апрелге карата Базар-Коргон районунун Базар-Коргон жана Талдуу-Булак айыл аймактарында кошумча 235 гектарга жаздык буудай эгилгени белгилүү.
Областтын бардык райондорунда талаачылык иштери жүрүп жатат. Ушул күнгө чейин 11 миң 6 гектар жерге эгилген күздүк кылкандуу дан эгиндеринин 10 миң 645 гектардагы күздү буудайы, 361 гектардагы арпа толугу менен азыктандырылды. Жаздык жер айдоо 71 миң 443 гектарга пландалган болсо, 46 миң 477 гектары же 65,1 пайызы айдалды.
Жаздык буудай себүү 20-апрелге карата 98,2 пайызга, жаздык арпа эгүү 98 пайызга, дандык жүгөрүү эгүү 45 пайызга, картошка эгүү 51 пайызга, жашылча эгүү 66 пайызга, май өсүмдүктөрүн эгүү 54 пайызга, пахта эгүү 25 пайызга, бахча өсүмдүктөрүн эгүү 58 пайызга, чанактуу өсүмдүктөрдү эгүү 59 пайызга аткарылган.
-Областта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландуу иштер өз убагында толугу менен аткарылып жатат. Жазгы иштердин жүрүшү боюнча олуттуу көйгөйлөр же тоскоодуктар жок, — дейт А. Исаев.