Статистик Ник Маркс собол таштайт: эмнеге биз мамлекеттин жыргалчылыгын анын жарандарынын бактысынын жана жыргалчылыгынын деңгээли менен эмес, анын өндүрүш деңгээли менен өлчөйбүз? Ал бизди улуттун жыргалчылыгын жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен байланыштырган (себеби бактылуу турмуш планетанын башын жеш керек эмес) Бактылуу Планетанын Индекси менен тааныштырат.
Мартин Лютер Кинг жарандык укуктар үчүн кыймылды сүрөп жатып, «Мен коркунучту көрдүм» деп айткан эмес. Ал «Менде эңсөө бар» деп айткан. Менде да эңсөө бар. Мен бизди келечекте коркунуч күтүп турат деп ойлобой калганды эңсеймин. Бул кыйын иш, себеби, эгер акыркы жылдардагы ар кайсы блокбастерлерди эстеп көрсөңүз, андагы дээрлик бардык көрүнүштөр кыяматтагыдай. Менин оюмча бул фильм – азыркы кездеги эң оор фильмдердин бири. «Жол». Бул өтө ажайып кино, бирок анда баары жансыз. Баары өлүк. Бир гана атасы менен баласы тирүү калуу үчүн жол боюнда илкишет. Менимче мен өзүм да мүчөсү болгон айлана-чөйрөнү коргоо кыймылы бул келечектин картинасын түзүүгө кол кабыш кылгандай.
Биз келечекте боло турган коркунучтуу картинаны нускалоого оголе көп аракет кылып ийдик. Биз окуялардын өнүгүшүнүн начар сценарийине жантыгыбыздан жата калдык да. Биз проблемаларга гана үңүлүп алдык. Андан көрө аларды чечүүнүн жолун караштырсак болмок. Эгер ушинтип айтууга болсо, биз адамдардын көңүлүн буруу үчүн коркунучту пайдаландык. Деген менен, ар кандай психолог организмдеги коркунучтун качуу реакциясы менен байланыштуу экенин айтып берет. Бул «күрөш-качуу» реакциясынын бөлүгү гана. Качан гана жаныбар коркуп кеткенде – бугуларды эстеп көрсөңүз – качууга камданып, ордунда нес болуп катып калат. Менимче айлана-чөйрөнүн начарлашы жана климаттын өзгөрүшү тууралуу ойлонгон кезде биз да ошентебиз. Адамдар коркконунан нес боло катып калышат жана качып жөнөшөт, себеби биз коркунучту сээп киребиз да. Бирок мен айлана-чөйрөнү коргоо кыймылы андан ары кетип, прогресс деген эмне экенин ойлоого тийиш деп эсептейм.
Адамдардын тагдырын кантип жакшыртууга болот? Биз кабылган пролемалардын бири мына бу эсептелет: рынокто жолу болгон адамдар гана прогресстин шартында каржы жагынан да прогресске жетише алышты. Прогресстин экономикалык аныктамасынын мааниси мына мында, эгер боорубузду жерден көтөрүү үчүн кайсы бир нерсени кантип да болсо керектүү өлчөмдө ала алсак, фондулук биржаларда жана ИДП (ички дүң продукция – Ж.С.) көрсөткүчтөрүндө, экономикалык өсүштө да колубуз узун болот, турмушубуз жакшырып кетет. Ошентип, биз коркунучтун ордуна адамдарды ачкөздүккө чакырабыз, «көп», демек, «жакшы». Болбогон кеп! Батыш дүйнөсүндө бизге баары жетиштүү. Мүмкүн, дүйнөнүн кайсы бир жеринде эмнелердир таңкыс болуп жаткандыр, бизде баары бар. Анан да биз мунун өзү элдердин жыргалчылыгынын эталону эместигин капкачан эле түшүнгөнбүз. Чын эле, улуттук эсеп-кысаптын системасын (статистика – Ж.С.) түзүүчү Саймон Кузнец 1930-жылдары эле «улуттун жыргалчылыгы тууралуу улуттук кирешенин деңгээли менен айтууга болбостугу» жөнүндө айткан. Бирок, биз пайдубалы өндүрүш жана продукция чыгаруу болгон улуттук эсеп-кысап системасын түзүп салдык. Мүмкүн бул тарыхка байланыштуудур, бир кезде пайда алып келгендир. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бизге көп продукция чыгаруу зарыл болчу. Продукциянын айрым түрлөрүн биз ушунчалык көп чыгаргандыктан, Европанын көп бөлүгүн кыйратып да алдык, анан аны кайра курууга туура келди. Ошентип, биздин улуттук эсеп-кысап системабыз биз өндүрө ала турган нерселерге бет алган.
Бирок, 1968-жылы алысты көрө билген киши Роберт Кеннеди өзүнүн жолу болбогон шайлоо алдындагы кампаниясынын башталышында улуттук дүң продукты деген нерсе тууралуу ушул түшүнүк жаралгандан берки эң таамай жаңы аныктаманы айтып салган. Ал өзүнүн сөзүн: «Улуттук дүң продукт жашоону маңызга маарыткан нерседен башканын баарын өлчөй алат» деген фраза менен аяктаган. Канчалык күчтүү жана таамай айтылган! Биздин прогресстин критерийи, биздеги коомдук прогресстин башкы эталону жашоого маңыз берип турган нерседен башканын баарын өлчөп турабы? Мен ойлойм, эгер азыр Кеннеди тирүү болгондо, мен сыяктуу статистиктерди жашоого маңыз берип турган нерсени билип келүүгө жөнөтмөк. Ал бизге пайдубалы социалдык адилеттик, туруктуу өнүгүү жана адамдардын жыргалчылыгы сыяктуу маанилүү нерселер болгон жаңы улуттук эсеп-кысап системасын кайрадан түзүүнү тапшырмак.
Чынын айтканда, социологдор элге чыгышып, бул суроону бүткүл дүйнө тургундарына беришти. Бул бүткүлдүйнөлүк сурамжылоо маалыматтары. Адамдардан алар өздөрү каалап турган нерсени сурашты. Анан бүткүл дүйнөнүн адамдарынын баары тең өздөрүнө, үй-бүлөсүнө, балдарына, өз элине бакыт каалашарын билдиришкени да таң каларлык эмес. Ырас, алар акчанын анча-мынча керек болорлугун танышпайт. Алар турмушта бар нерсе, бирок бакыт сыяктуу мааниге ээ эмес, сүйүүдөй маанилүү эмес. Биздин баарыбыз сүйгүбүз жана сүйүлгүбүз келет. Акча саламаттыктай манилүү эмес. Биз ден соолукта болуп, толук кандуу жашагыбыз келет. Адамдардын табигый каалоолору мына ушулар. Эмне үчүн статистиктер аларды өлчөшпөйт? Эмне үчүн биздеги продукциянын канча экенин эсептегенден көрө элдердин прогрессин ушул өңүттөн карабайбыз? Мен өз өмүрүмдү бакытты кантип өлчөйт, жыргалчылыкты кантип өлчөйт, муну айлана-чөйрөнү коргоо алкагында кантип жасаса болот деген сыяктуу ойлорго арнадым.
Анан биз мен иштеп жаткан мекемеде Жаңы Экономика Коомун, Бактылуу Планета Индекси аттуу көрсөткүчүн түздүк, себеби биз адамдар да, планета да бактылуу болушу шарт деп ойлойбуз. Эмне үчүн биз ушуну көрсөтө алган прогресстин критерийин түзсөк болбойт? Мына биз эмнени жасадык: мамлекеттин ишмердигинин түпкү натыйжасы бийликтердин өз жарандарынын бактылуу жана жыргал жашоосун түзүүдө канчалык ийгилик жасаганында экенин айттык. Бул планетадагы ар бир өлкөнүн максаты болуп калууга тийиш. Бирок, биз планетадагы ресурстарды пайдаланарыбыздан улам бул кыйла чыгымдарды талап кыларын эстен чыгарбоого тийишпиз. Баарыбыз үчүн бир гана планета бар. Биз аны бири-бирибиз менен бөлүшүүгө мажбурбуз. Жапжалгыз планета – бул өз ара бөлүшө турган өтө эле чектелген ресурс. Ал эми экономика чектелгендикке кызыгат. Экономикада чектелген ресурс болуп, ал аны каалаган натыйжага өткөргүсү келгенде, ал ага натыйжалуулук өңүтүнөн баа берет. Экономика биздин колдогу акчага канчалык жыргай турганыбызды эсептейт. Бул биздин планеталык ресурстарыбызды пайдалануудан канча жылдар бою жыргалчылык аларыбыздын өлчөмү. Бул натыйжалуулуктун өлчөмү.
Коста-Рикада эмне болуп жатат? Биз айрым бир маалыматтарды карап көрүшүбүз мүмкүн. Алардын пайдаланган электр кубатынын 99 пайызы кайталап өндүрүлүүчү энергия булагынан алынат. Алардын өкмөтү 2021-жылга карата углероддон (көмүр, кара майдан) көз карандысыздыкка жетишүү боюнча биринчилерден болуп милдеттенме алган. Алар 1949-жылы эле армияны жоюп салышкан. Анан алар каражаттарды социалдык программаларга – саламаттыкты сактоо жана билим берүүгө жумшашат. Алардагы сабаттуулуктун деңгээли Латын Америкасындагы эң жогоркулардан. Анан да аларда латынамерикалык жигердүүлүк бар. Алар коомдук жактан өз ара өтө байланышкан. Ойлонуп көрүү үчүн эң кыйын маселе жана пикир – келечек түндүкамерикалык дагы, батышевропалык дагы эмес, ал латынамерикалык болушу мүмкүн.
Адамдар азыр эмнени «жеп» жатканына өтө кызыкдар. Үйүңүзгө эсептегичти коюп көрүңүзчү, ошондо сиз азыр канча электр кубатын чыгымдап жатканыңызды, ал канча турарын дароо билесиз, балдарыңыз үйдү үч көтөрө чуркап, жарыкты өчүрүп чыгышат. Бул коомду эмнеге алып келет? Эмне үчүн кечки радио жаңылыктарынан мен Футси 100, Доу-Жонс, доллар-фунт катышы тууралуу угам? Мен деген жакшы жаңылык болуп калышы үчүн доллар-фунт катышынын кандай болушу керектигин дегеле билбейм да? Эмне үчүн аны угушум керек? Эмне үчүн мен кечээ Британия же Америка канча энергия сарптаганын укпайм? Мунун өзү углероддорду абага чыгарууну жылына 3 пайыз азайтуу тууралуу биздин максаттарыбызга туура келеби? Жалпы максат ушинтип жаралат. Аларды ММКларда жарыялагыла жана ал тууралуу ойлоно баштагыла. Жана да бизге жыргалчылыктын өсүшү үчүн позитивдүү байланыш укуруктары керек. Өкмөттүк деңгээлде жыргалчылыктын улуттук эсеп-кысабын түзүү керек. Бизнес деңгээлинде өзүңүздүн кызматкерлердин жыргалчылыгын көзөмөлдөө мүмкүн, белгилүү болгондой, ал чыгармачылык менен тыгыз байланыштуу, жаңы идеялар менен байланыштуу, а бизге айлана-чөйрө проблемаларын чечүү үчүн көптөгөн идеялар керек. Личносттун (инсандын) деңгээлинде да бул нерселер бизге керек. Мүмкүн бизге мынчалык маалыматтар эмес, эскерткичтер керектир. Англияда врачтардын сунушу жөрөлгөгө айланып кеткен – күнүнө 5 жашылча жана мөмө жеп туруш керек жана ошончо дене көнүгүүлөрүн жасоо керек. Ал эми бакыт үчүн кандай эскерткичтер керек? Бактылуураак болуш үчүн күнүнө дагы кандай 5 нерсе жасоо керек?
Эки жыл мурун илим министрлиги үчүн биз долбоор – ири «Келечекке көз караш» программасын даярдадык, анда көптөгөн эксперттер иштешти, баары фактыларга негизделип, килтейген том болду. Бирок, андагы биздин бөлүгүбүз «Кайсы беш жакшы иш сиздин жашооңузду жакшыртмак?» деп аталган. Мунун маңызы бакыттын сырында эмес, бирок сөзсүз түрдө бакытка алып баруучу аракеттер эсептелет.
1.Байланыштарды түзүңүз. Социалдык мамилелер – сиздин жашооңуздун маанилүү жагы. Сиз өзүңүз жакшы көргөн кишилерге убакыт бөлөсүзбү? Сиз аларга жардам бересизби? Мамилелерди чыңдаңыз.
2.Активдүү болуңуз. Маанайды көтөрүүнүн эң ыкчам ыкмасы – көчөгө чыгуу, сейилдөө, радиону коюп алып бийлөө. Активдүүлүк – жакшы маанай үчүн мыкты каражат.
3.Ыкластуу болуңуз. Дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу билесизби? Жыл мезгилдери жана сиздин айланаңыздагы кишилер кантип өзгөрүп жатышат? Жандүйнөңүздө сыртка жол таба албай кайсы сезимдер уйгу-туйгу болуп жатканын сезесизби? Когнитивдик бихевиоралдык терапиядагы ыкластуулукка арналган изилдөөлөр көрсөткөндөй бул сапат жыргалчылык менен тыгыз байланыштуу.
4.Билим алганды улантыңыз. Бүт өмүр бою билим алууну уланткан маанилүү. Билим алганды улантып, мээсин сергек кармаган карыялар өмүрүн куру бекер өткөрүп жаткандарга караганда өздөрүн кыйла жакшы сезишет. Бирок, бул окуу формалдуу гана болуп калбашы керек. Ал билимдерге эмес, кызыгуучулукка негизделиши зарыл. Бул балким жаңы рецептерди өздөштүрүү же унутта калган музыкалык алектенүүлөр болушу мүмкүн. Билим алууну улантыңыз.
5.Анан акыркы аракет, баарынан антиэкономикалык болуп саналат. Белек бериңиз. Биздин берешендигибиз, ак ниетибиз, жароокерлигибиз биздин мээбиздеги сый-урмат көрүү механизми менен тыгыз байланышкан. Эгер биз белек кылсак, өзүбүздү бактылуу сезебиз. Эртең менен эки топтогу атуулдарга 100 доллардан бергендеги экспериментти жасап көрсөңүз болот. Бир топтогуларга акчаны өзү үчүн коротууну, башкаларына ким-бирөөлөргө коротууну айтышат. Кечинде алардын бактысынын деңгээлин өлчөп көрүңүз. Акчаны башкалар үчүн короткондор өзү үчүн короткондордон өздөрүн бактылураак сезишет.
Мартин Лютер Кинг өмүрүнүн акыркы күндөрүндө укмуштай сөздөрдү айткан эле. Ал: «Алдыда көп кыйынчылыктар, алдыда көптөгөн проблемалар болушу мүмкүн экенин билемин, бирок алар мен үчүн коркунучтуу эмес. Мага баары бир. Мен тоонун чокусуна чыктым, анан жыргалга бөлөнгөн жерди көрдүм» деп айткан. Ал диний үгүтчү болгон. Бирок мен ойлойм, айлана-чөйрөнү коргоочулар, алар менен чогуу бизнесмендер да, өкмөт да тоонун эң бийик чокусуна чыгып, жыргалга бөлөнгөн жерди же биздин үмүттөрдүн жерин көрүшү керек. Алар биз жашагыбыз келген дүйнөнүн образын түзүүлөрү зарыл. Андан тышкары да, биз ал жакка барышыбыз үчүн улуу ашууну ашып өтүүбүз абзел. Биз ал өткөөлгө жакшы аракеттер менен жол салышыбыз керек.
Беш аракет менен жол салгыла. Анан бизге жол көрсөткүчтөр керек болот, алар адамдарды баш коштурушат да, Бактылуу Планетанын Индекси сыяктуу эле багыттап турушат. Анан мен ошондо биз жашагыбыз келген, биздин бактыбыз планетанын көрүн казбаган дүйнөнү жасап аларыбызга ишенемин.
Жалил САПАРОВ.
«Бизнес & Власть» гезитинин
2011-жылдын 9-декабрындагы
№39 санынан (Казакстан) которулду.