Өзбекстанда биринчи жолу Шамал электр станциясын курууга расмий тендер жарыяланмакчы. Бул тууралуу Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Бул долбоор Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылат жана анын алкагында суммардык кубаттуулугу 1 гигаватт болгон Шамал электр станцияларын куруу каралган. Тендер эки этапта өтүп, анда квалификациялуу тандап алуу жана техникалык, коммерциялык сунуштарды карап чыгуу ишке ашырылат.
Каракалпакстандын Караөзөк районундагы 100 мегаваттык кубаттуулуктагы жаңы станцияны жана ага зарыл инфратүзүмдөрдү куруу үчүн жер ажыратылган. Азыр ал жерде экологиялык изилдөө жана канаттуулардын миграциясын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле жерде дагы бир 200 мегаваттык кубаттуулуктагы электр станциясы курулары да белгилүү.
Бул долбоор Өзбекстанда кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарын пайдалануу стратегиясынын алкагында жүрөт. Ал эми бул аракеттер келечекте энергияга болгон жалпы муктаждыктарды толук канааттандыруу максатында болуп, 10 жыл ичинде жалпы кубаттуулугу 3 гигаваттык экологиялык таза шамал энергиясын алууга багытталган.