Transparency International уюмунун баамында 2019-жылда коррупциянын деңгээли жагынан Россия Украинаны кууп өтүп, 180 өлкөнүн ичинен 137 орунду камсыз кылды. Бул тууралуу аталган уюмдун Россиядагы бөлүмүнүн сайтында жазылган.
Коррупциянын деңгээлинин индекси 1995-жылдан бери карай көз каандысыз уюмдар тарабынан дүйнөдөгү эксперттердин, ишкерлердин баа берүүлөрүн сурамжылоо аркылуу түзүлүп келет. Өлкөлөр 0 баллдан 100 баллга карай бааланып, мында 0 балл мамлекеттик сектордогу коррупциянын эң жогорку деңгээлин, 100 балл эң төмөнкү деңгээлди көрсөтөт.
Россия быйыл 28 балл алуу менен өткөн жылдын жыйынтыгын кайталаган жана 2018-жылга карата терс жагынан бир позицияга жогорулаган. Доминика Республикасы, Кения, Либерия, Ливан, Мавритания, Папуа-Жаңы Гвинея, Парагвай жана Уганда сыяктуу үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрү да ушундай эле баллга ээ болушкан. Эгер салыштырса келсек, Белоруссия 45 балл менен 66-орунду, Казакстан 34 балл менен 113-орунду, Украина, Азербайжан жана Кыргызстан 30 балл менен 126-орунду камсыз кылышкан. Ал эми Тажикстан менен Өзбекстан 25 балл менен 125-орунду, Түркмөнстан 19 балл менен 165-орунду ээлеген.
Коррупциянын деңгээли эң төмөн өлкөлөрдүн баш сабында 87 балл менен Жаңы Зеландия турду. Андан ары 86 балл менен Финляндия, 85 балл менен Швейцария, Сингапур, Швеция, 84 балл менен Норвегия бар. Эң коррупциялуу өлкөлөр деп 9 балл менен Сомали, 12 балл менен Түштүк Судан, 13 балл менен Сирия, 15 балл менен Йемен аталды.