Жалал-Абад областы боюнча кичи жана орто бизнес ишканалар өндүргөн продукциянын көлөмү 456,5 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын январь-октябрь айына салыштырмалуу 132,2 пайызга өсүү болгон. Бул тууралуу бизге Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад регионалдык бөлүмүнөн билдиришти.
Кичи жана орто бизнес ишканалары өндүргөн өнөр-жай продукцияларынын көлөмүнүн өсүүсү негизинен 9 райондо камсыздалды. Ал эми Аксы району боюнча бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 0,6 миллион сомго, же 2,5 пайызга, Ноокен районунда 0,2 миллион сомго, же 4 пайызга төмөндөгөн.
Ошондой эле кичи ишканалар продукция өндрүүнү 347,9 миллион сомго аткарып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 138,6 пайызды түзүп, 96,9 миллион сомго көп болду.