“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун билдиришинче, электр тогун пайдаланууга байланышкан дебитордук карыздардын жалпы суммасы 88 миллиондон ашат. Калкттын электрге болгон карыздарын азайтуу максатында аталган ишкана үстүбүздөгү жылдын аягына чейин акция жарыялады. Ага ылайык, электр энергиясынан карызы бар жарандар карыздын негизги суммасын төлөсө, анын туумдарынан кечилет.
Ушундай эле акция “Ошэлектро” ААК тарабынан да уюштурулган, айырмасы Ошто мекеме-ишканалар да карыздарын төлөсө, кошумча туумдары кечилет. Аталган ишканадан билдиришинче, жалпы карыздардын суммасы 118 миллион сомдон ашса, алардын 35 миллион сому кошумча чегерилген туумдар болуп эсептелет.