Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында жазылгандай, илгери союз убагында темир жолдо поезддер байма-бай каттап турчу. Ошол байма-бай каттаган поезддер, жарыш сызыктай жарыша төшөлгөн рельсалар, рельсанын астына төшөлгөн кыркалекей шпалдар, баары бир караганда өзүнчө эле романтикалуу туюлат, кыялдарга жетелейт. Ошол романтика менен канчалаган кишилер өзүнүн келечегин, жашоосун темир жолго байлашкан. Андай кишилер Жалал-Абад шаарында да бар.
Кыялдар коштогон балалык
Азыр Кыргыз темир жолунун ардактуу ардагери болуп саналган, ушул тармактын жамаатынын урмат-сыйына татыган Токтосун Абдулазизов 1963-жылы Жалал-Абад шаарынын чет-жакасында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Алардын үйү темир жолго жакын эле. Бул жагы Көк-Жаңгактан тарта Жалал-Абад шаарын аралай өтүп, анан андан ары Өзбекстанга, Казакстанга, Россияга карай кеткен темир жолдон күн сайын ары-бери өтүп чоңойду.
Шаар четиндеги орто мектептен билим алды, башка өзү сыяктуу балдар менен мектепти аяктаган соң, дароо эле кайсы бир окуу жайына документтерин тапшырганга шашпады. Бирок, мектепте окуп жүргөн кезинде бир катар классташтары сыяктуу эле анын да келечекте космонавт болгусу, космоско учуп, ай-ааламдан жерди көргүсү, элдин баарын таң калтырган атактуу адам болгусу келчү. Бирок, жашоо-турмуш жаш баланын кыялдарын дайыма эле орундата бербейт тура, ата-энеси карапайым кишилер болгондуктан аларга жардам кылуу үчүн шыр эле эмгек жолун баштаган.
Космос болбосо, темир жол бар
Адегенде Жалал-Абад шаарындагы соода уюмунда жумушчу болуп иштеди. Күн сайын товарлар келет, кетет, аларды унааларга жүктөп, келгендерин түшүрүп, кампага жайгаштыруу керек. Ал дайыма жакшы иштеп, өз ишине жоопкер карады, ишканада ишенимдүү жумушчулардан болду.
Анан 1981-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Казакстандагы Байконур аймагында кызмат өтөдү. Өзү бала кезде космонавт болгусу келип, көктү карап кыялданып жүрсө, баралына жеткенде аскердик кызматты советтик космодром орун алган Байконурда өтөшү да бекеринен эместир… Ал жерде негизинен аскердик курулуш иштери мененалек болуп, атуулдук милдетин да жакшы аткарды. Командирлердин алкышына, сыйлыктарга ээ болуп жүрдү.
Аскердик кызматтан кайтып келген соң, кайра эле Жалал-Абаддагы коомдук тамактануу ишканасына жумушка кирди. Жаш кезинен эле кулинардык, ашпозчулук жөндөмү бар эле, тамактын түрлөрүн даамдуу жасаганды үйрөнгөн болчу. Ошондуктан да аны жакшы таанып билгендер ашпозчулук ишке кирүүсүн сунуш кылышты. Ал ошентип, жарым жыл бою ошол тармакта иштеп калды.
Деген менен, ал күн сайын бала кездегидей эле темир жолдон ары-бери өтүп жүрдү, кээде темир жолдо шпалдарды санап, жөө баскысы келет. Эки учу көз жетпеген кыйырга чейин созулган темир жол негедир жандүйнөсүнө, акылтөрүнө жедеп сиңип калгандай, негедир өзүнө тартып тургандай эле. Чынында аткарып жаткан иши да жаман эмес болчу. Ошол кездерде соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө баары эле иштей алчу эмес, ар кимди эле жумушка ала беришчү да эмес. Ошол союз учурунда деле карапайым калктын жашоосу мыкты болуп, бактылуу турмуш кечирбеген. Ошондуктан да бул тармакта иштегиси келгендер көп эле.
Бирок, Токтосун Абдулазизов теңирден тескери кетти, өзү иштеп жаткан “майлуу” жерди таштап, темир жол тармагына өткүсү, ошол жакта эмгектенгиси келди. Бул тууралуу жакындарына, досторуна айтып, бирок алардан күткөн колдоону тапкан жок, албетте, алар учурдагы иштеп жаткан иши жакшы экенин айтышкан. Канткен менен адамда космоско учуп, космонавт болуу кыялынан башка да менен рельсадан чыкпай ары-бери каттаган позеддердин, узатасынан созула жаткан рельсалардын фонунда, ошол чөйрөдө иштегендин да өзүнчө романтикасы бар окшобойбу. Алты ай ашпозчу болуп иштеген Токтосун башкалар кеп кылгандай “майлуу” ишин таштап, темир жол тармагына ишке кирип кетти.
Вагондордун улук күзөтчүсү
Анда 1984-жыл эле, темир жолдо иш кызуу, жүк ташыган жана эл ташыган поезддер тынбай темир жол бекетине келип-кетип турушат.Аны темир жол бекетинин башчылары адегенде техникаларды майлоочу кызматына кабыл алышты. Жаңы ишке келген адамга бул жеңилирээк жумуш эле. Андан ары темир жол бекетиндеги окуу борборунда окутуп-үйрөтүп, башка да кесиптерге ээ болуу мүмкүндүгү бар. Токтосун андан пайдаланып, слесарлыкты окуп-үйрөндү да, экзаменди жакшы тапшырып, ошол кесипке ээ болду. Экинчи разряддагы слесарь катары кызматка да орношту. Анан тажрыйбасы артып, бир жылдан кийин үчүнчү разраддагы слесарь болуп калды.
Жалал-Абад темир жол бекетинде дайыма жаш адистерди, жумушчуларды жаңы кесиптерге окутуп-үйрөтүү, тажрыйбасын, жөндөмүн арттыруу, кошумча билим берип, иштин сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу багытында чаралар көрүлүп келген. Ошондуктан да апта сайын эки күн окуулар жүргүзүлүп, жаштарга, айрыкча көбүрөөк өнөр үйрөнгүсү келгендерге жакшы шарт түзүлгөн. Токтосун да слесарлык менен чектелбей, вагондорду күзөтүүчү (осмотрщик вагонов) жумушуна өткүсү келип жүргөн. Ошондуктан ага окуп, экзаменди жакшы тапшырып,вагондорду күзөтүүчү кызматына кабыл алынды. Ошондон бери ушул ишти башкага алмаштырбай иштеп келатат.
Вагондорду күзөтүүчү — темир жол ишин, айрыкча коопсуздугун камсыздоочу маанилүү кызмат. Ал вагондордун техникалык абалына тыкыр көз салып, анын дайыма оң абалда болуусун камсыздайт. Ансыз жол жүрүп бараткан вагондор техникалык жактан бузулуп, бүтүндөй составдын токтоп калышына, темир жолдогу поезд каттоочу графиктин бузулушуна алып келет. Ал эле эмес, кырсык да жүз бериши ыктымал. Ошондуктан вагондордун техникалык оң абалда болуусу, ага дайыма жоопкерчилик менен көзөмөл жүргүзүү, оңдоо-түздөө иштерин алып баруу – өтө маанилүү.
-Бул ишти жаңы баштаганымда Көк-Жаңгакка жүк ташыган поезддер көп каттачу, себеби ал жакта шахта тынымсыз иштеп, көмүр ташуу иши кызуу эле. Жалал-Абад – Көк-Жаңгак темир жолунда вагондорду күзөтүүчү болуп иштеп жүрдүм.Үч-төрт жыл бою ошол каттамда болуп, бир дагы кемчиликке жол бербедик, дайыма ишти так жана кылдат аткарууга жетиштик. Ошол учурларда мен бул кесипти бекеринен тандап албаганымы түшүндүм, барган сайын бул кесипке болгон кызыгуум жана сыйым артып турду. Кийинчерээк Көк-Жаңгакта шахтанын иши токтоп калып, жүк ташуу иши да жүрбөй калды. Мен Жалал-Абад бекетинде ишимди уланта бердим. Ушул убакка чейин биз кемчиликке жол бербедик, вагондордун техникалык оң абалыдайыма биздин көзөмөлдө, — дейт Токтосун Абдулазизов.
Ак ниет эмгектин үзүрү
“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнө караштуу Жалал-Абад бекетиндеги Вагондорду техникалык тейлөө чарбасында гана эмес, жалпы Түштүк бөлүмүндө Т. Абдулазизовдун аброю бийик. Ал эмгектенип жаткан чарбада азыр 5 вагондорду күзөтүүчүлөр иштеп жатат, алардын улугу ушул Токтосун Абдулазизов. Канча жылдан бери иштеп келатса, жетекчилер тарабынан өз дарегине бир дагы сын-пикир же нааразылык уга элек. Жаштарды ишке, жоопкерчиликтүү болууга тарбиялап, иштин ыкмаларын үйрөтүп келет. Анын шакирттери да өзүнө окшоп ишине так жана кылдат мамиле жасашат. Андыктан вагондорду техникалык тейлөө чарбасында дайыма иш натыйжалуу, дайыма мактоо угуп келишет.
-Мен эки вагон күзөтүүчүнү шакирт катары даярдадым, алар өзүм менен кошо иштеп келишүүдө. Дагы бирөөн даярдап жатам. Жаштар да мага окшоп, темир жол ишине кызыгышат экен. Ишти бат үйрөнүштү, көбүрөөк жөндөмгө ээ болгусу келишет. Аларды көрүп, темир жол тармагынын келечегинен кыжаалат болбойм, — дейт А. Токтосунов.
Анын көп жылдык эмгегин эмгек жамааты, Түштүк темир жол бөлүмү, Улуттук компания жакшы баалап келди. Көптөгөн акчалай жана баалуу сыйлыктарды алууга жетишти. Улуттук компаниянын, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. “Кыргыз темир жолунун эмгек сиңирген ардагери” төш белгисин алууга татыды. Отуз алты жылдык эмгеги текке кетпей, артынан жаш шакирттери өсүп келатат.
-Биздеги эң кадырлуу, ишенимдүү, үлгүлүү кызматкерлерибиздин бири – ушул Токтосун аке. Анын ишке болгон мамилеси эле баарына үлгү, ошондуктан дайыма сыйлап жүрөбүз. Түштүк бөлүмүндө 7 темир жол бекети болсо, Токтосун аке ал бекеттерге да барып, колдон келген көмөгүн көрсөтөт. Тажрыйбасын бөлүшүп, дайыма жардам берип жүрөт. Ошондуктан аны жалпы Түштүк бөлүмүндө сыйлашат, — дейт Вагондорду техникалык тейлөө чарбасынын жетекчиси Зохиджон Иминахунов.
Деген менен, Кыргыз темир жолунун тарыхында эң мыкты темир жолчулар өттү. Алардын ак эмгегинин натыйжасында бул тармак ушул кезге чейин өлкөнүн экономикасына өзүнүн зор салымын кошуп келет. Ал эстафетаны улантуучулар дайыма болуп келген.
-Кыргыз темир жолунунбир кылымдан ашык тарыхы бар, ал эми өлкөнүн түштүгүндө алгачкы темир жол 1915-1916-жылдары курулган. Ушул кезге чейин эң мыкты темир жолчулар иштеп, тармакты өнүктүрүштү. Биздеги ардагерлердин ичинен биз сыйлаган Токтосун Абдулазизов да бар. Биздин тармакушундай өз ишине берилген ардактуу темир жолчулар менен сыймыктанат, — дейт “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы Абдуллажан Шаиев.
Т. Абдулазизов бактылуу үй-бүлөнүн да ээси, эки кыз, эки уулдун ардактуу атасы, 13 неберенин чоң ата-таятасы. Балдарынын баары турмуштан орун-очок алып, өз түтүнүн булатып калышкан. Алар да атасындай ишке көңүл койгон, аманатка бекем кишилерден болушту. Дайыма ушундай жакшы ата менен сыймыктанышат.
-Ден соолугум жакшы, буюрса ишимди уланта берем. Жакшы шакирттерим бар, жетекчилерибиз бизге жакшы шарттарды түзүп беришкен. Иштегенге жана эс алганга ыңгайлуу шарттар бар. Шаарыбыз үчүн коомдук иштерге да катышып турабыз. Баары жакшы, — дейт каарманыбыз.
Мындай кишилер жамааттын, тармактын жана өлкөнүн келечегинин бекем пайдубалы экенине ишенесиң.
Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары.