Быйылкы жылдын башынан башынан бери Өзбекстанга 4 миллион чет элдик туристтер келген. Туристтердин быйылкы агымынын өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүшү 27 пайызды түздү. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги билдирди.
Өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдулазиз Аккуловдун айтымында, Өзбекстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү абдан зор. Аны ишке ашыруу үчүн биринчи жолу Туризм чөйрөсүн өнүктүрүү концепциясы иштелип, кабыл алынды. Ал 2019-2025-жылдарга мерчемделген.
Ал концепцияны ишке ашыруу процессинде быйыл өлкөгө 4,3 миллион чет элдик туристтер келип кетишкен. Аларга көрсөтүлгөн тейлөө кызматтарынын наркы 854 миллион долларга барабар. Өткөн жылга салыштырганда туристтик кызматтарды экспорттоо көлөмү 28 пайызга арткан. Анан калса, 47 мамлекет үчүн жөнөкөйлөтүлгөн виза режими колдонулуп, 77 өлкөнүн жарандары электрондук визаала алышат.
Эми жыл аягына чейин Өзбекстанга 6,5 миллион чет элдик туристтер келип кетишери күтүлүүдө. Аларды тейлөө үчүн иштеп жаткан туристтик операторлор саны 1400дөн ашат.