“Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини жакында эле Туркияда атып кетишкендиги жарыяланган. Эми ички иштер министрлиги анын издөөдө жүргөндүгү жөнүндө билдирди. Ошондой эле ага Сузак районунун паспорттоштуруу бөлүмү тарабынан жасалма паспорт берилгендиги да аныкталган.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 23-майында Кытай Эл Республикасынын 1988-жылы туулган жараны Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитиге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Ош областынын Кара-Суу районундагы базардан алдоо жолу менен ишениминен кыянат пайдаланып, акча каражаттарын жана 3 миллион 28 миң 168 АКШ долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алгандыгын көрсөткөн. Андан соң, А.А. аттуу жаранга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирип, изин жашырып кеткен.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын майында Тергөө бөлүмү тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, камакка алуу үчүн ага издөө жарыяланып, андан соң эл аралык издөөгө алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чараларда, издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаити Кыргыз Республикасынын жараны, 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөндүгү такталган. Э.С. Самятов атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жалал-Абад областынын Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси (Паспортту мыйзамсыз берүү) менен 320-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-берененин (Документтерди жасалмалоо) негизинде айып тагылган. Кылмыш иши Жалал-Абад областынын сот органдарына кароого жөнөтүлгөн.
Андан тышкары, Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саймаитиге карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана колдонуу) боюнча өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.