Тээ 1973-жылы ашар жолу менен курулган мектеп, бүгүнкү күнгө чейин спорттук залы жок иштеп келген.
Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл өкмөтүндө жайгашкан №30 Байзак Дамашов атындагы орто мектебине заманбап спорттук зал курулуп, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана район акими Эркин Маматаев, жергиликтүү айыл тургундары катышышты.
Спорт залдын курулушунун тендердик наркы 8 миллион 943 миң сомго бааланып, “Нурел-Строй” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Ноокен районунун өнүктүрүү фондунан 7 миллион 713 миң 829 сом бөлүнсө, эл арасынан 493 миң 780 сом чогулган. Ошентип курулуш иштери бир жылда бүткөрүлгөн.
Мектеп директору Медербек Бакиров бул мектеп тарыхындагы орчундуу окуя экенин айтат.
-Окуучулардын да, ата-энелердин да кубанычы койнуна батпай турат. Анткени күн суук болгондо дене-тарбия сабагын класстын ичинде өтүүгө аргасыз болуп келгенбиз. Көбүнчө эле тогуз-коргоол, шахмат оюндары менен чектелип калат элек. Эми бардык шарт жаралгандан кийин грек-рим күрөшү жана башка спорт түрлөрүнөн ийримдерди уюштуруп баштадык. Жакында спорт залга, ийримдерге керектүү 280 миң сомдук жабдыктар келип түшөт, — деп билдирди ал.
Эске сала кетсек, №30 Б.Дамашов мектебинде 500 окуучу билим алат жана 31 мугалим эмгектенет.