
Кечээ, 29-октябрь күнү өткөн Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселе талкууланып жатканда депутаттар өз алдынча эле сыртка чыгып кетишти, төрага аргасыздан танапис жарыялоого мажбур болду.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында он чакты маселе каралды. Сессияга жалпы 31 депутаттын 25и катышты. Күн тартибинде коюлган экинчи маселеде айрым депутаттар сыртка чыгып кеткендиктен, 19 депутат гана добуш берүүгө катышты. Ал эми үчүнчү, тактап айтканда, Тайгарев аймактык башкармалыгындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суу кудуктарынын ижара акысын бекитүү маселесин талкуулап жатканда төрага Айбек Джолдошев депутаттардан сыртка чыгып кетпөөсүн, антпесе кворум жетпей каларын айтты. Айтылган сөзгө карабай эле 2 депутат удаа сыртка карай жөнөштү. Аталган аймактагы таза суу көйгөйүн ар дайым көтөрүп келген депутат Талант Баев маанилүү маселеде кворум жок болуп каларын айтып, добушка койбой туруп танапис жарыяланышын суранды.
Эске сала кетсек, былтыркы жылы ушул чакырылыштын депутаттары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын сессия учурундагы этикалык кодексин иштеп чыгышкан. Этикалык кодекстин токтому талкууга коюлганда, айрымдар бир айда бир болуучу сессияга келбей койгондор жана сессия учурунда телефон чукулап, сыртка чыгып кетип жаткан жагдайлардын айынан ушундай кадамга барып жатышканын айтышкан болчу.
