Индиянын үлкөн кинокомпанияларынын бири болгон Panorama Studios Өзбекстанда Khuda Haafiz романтикалуу боевик тасмасын тартууга киришти. Тасманы тартууга 1000 киши тартылары айтылууда. Бул тууралуу Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Көркөм тасманын режиссёру Фарук Кабир болуп, фильмдин тартууга катышуу үчүн Өзбекстанга Индиядан 130 киши АКШдан, Россиядан жана бир катар Европа өлкөлөрүнөн 30 киши учуп келген. Өзбекстандын өзүнөн тасманы тартуу учурунда 1000 миң киши катышмак болду. Алар актёрлор, техникалык персонал, массалык тартууларга катышуучулар жана башкалар.
Өзбекстандагы тасма тартуунун бюджети 10 миллион доллар болушу күтүлүүдө. Фильм Ташкентте гана эмес, Хива шаарында да тартылат. Андан ары чыгармачыл топ тасма тартууну Индияда улантат.
-Биз көркөм тасманы Өзбекстанда тартып жатканыбызга өтө кубанычтуубуз. Биз үчүн бул өлкөдө иштөө мүмкүнчүлүгү гана эмес, Өзбекстанды жакындан таанып билүү да эсептелет. Өлкөнүн жетекчилиги азыр кинотуризм чөйрөсүнө чоң маани берип жатыптыр. Менимче ушул окуядан кийин Өзбекстанга чет элдик, айрыкча индиялык кинокомпаниялардын келүүсү күчөйт, — дейт фильмдин продюсери Сатиш Шарма.
С. Шарманын айтымында, жакынкы мезгилдерде алар Өзбекстанда дагы бир катар долбоорлорду ишке ашырышмакчы.