“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы болуп 2019-жылдын 4-октябрынан тарта Шаиев Абдуллажан Мамасалиевич дайындалды.
А. Шаиев 1959-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад областынын Сузак айылында туулган. Союз убагында Ташкенттеги темир жол транспортунун инженелерин даярдоочу институтта окуп, инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун Орто Азия темир жолунун Жалал-Абад бекетинде баштаган, адегенде вагондорду көзөмөлдөөчү, кийин вокзал боюнча нөөмөтчү, вокзалдын башчысынын жардамчысы болуп иштеген. Ал эми 1994-жылы Кыргыз темир жол башкармалыгынын Түштүк бөлүмчөсүнүн Жалал-Абад вокзалынын башчысы болуп дайындалган. Андан кийин, 1997-жылы Кыргыз темир жол башкармалыгынын Түштүк бөлүмчөсүнүн башчысынын орун басары болуп, ал эми 2001-жылы аталган ишкана Кыргыз темир жолунун Түштүк бөлүмү статусуна ээ болгон соң бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп дайындалды. 2019-жылдын 4-октябрына чейин ал “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келди.
Ал эмгек жолунда өзүнүн бир катар артыкчылыктарын көрсөтө алган. Мисалы, 2002-жылы түштүк темир жолунун Кара-Суу — Ханабад бөлүгүндө суу каптоо болуп, темир жол кыймылы үзгүлтүккө учураганда аны калыбына келтирүү иштерин кыска убакта жүргүзүүгө жетишкен. Ал эми 2004-жылы Шамалды-Сай бекетин реконструкциялоо ишин өтө кыска мөөнөттө – үч ай ичинде бүтүргөн. Анын натыйжасында темир жол бекетинин иши автоматташтырылып, заманбап иштөө шарттары түзүлдү. Ошондой эле 2006-жылы жер көчүп, Көк-Жаңгак – Жалал-Абад багытындагы темир жол участкасын суу каптаганда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, темир жолду калыбына келтирүү боюнча уюштуруучулук иштери менен көрүнгөн. Кийин 2013-жылы Жалал-Абад бекетинин локомотив депосун реконструкциялоо иштерин ийгиликтүү алып барган.
Эмгек жолундагы активдүү аракеттери, ийгиликтүү иштери үчүн “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын бир катар сыйлыктарына, Ардактуу дипломуна, Кыргыз Республикасынын Транпорт жана коммуникация министрлигинин Ардак грамотасы, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасына ээ болгон. Анын үзүрлүү эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, “Ардактуу темир жолчу” төш белгиси ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун “2013-жылдын мыкты инсан-мырзасы” диплому ыйгарылган.