Эми 1-октябрдан тартып Кыргызстандагы мугалимдердин эмгек акысы 30 пайызга жогорулады. Бул келечек муундарга таалим-тарбия берип жаткан мугалимдер жана алардын үй-бүлөсү үчүн кубанычтуу нерсе. Аз болсо да мамлекеттин көңүл бурганы, камкордугу эсептелет.
Бирок, биздин мугалимдердин эмгек акысы менен башка өлкөлөрдүн мугалимдеринин эмгек акыларынын ортосунда кандай айырма бар? Ушул суроо көпчүлүктү кызыктырбай койбойт. Кантсе да бир катар өлкөлөрдө муалимдерге берилүүчү эмгек акылардын деңгээли кыйла жогору экени төмөнкү маалыматтардан көрүнүп турат.
Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирбеген Мексикада мугалимдерди өтө урматташат. Мисалы, 2015-жылдын эсебинде жыл ичинде мугалим 68 миң 343 АКШ доллары көлөмүндө эмгек акы алган. Ошондо анын бир айлык эмгек акысы 5695 АКШ долларына, аны рублге айландырса 375 миң 830 рублге туура келет. Ошол 2015-жылдан бери Мексикада мугалимдердин эмгек акысы көбөйсө көбөйгөндүр, бирок азая электиги анык.
Мугалимдин эмгек акысынын деңгээли боюнча андан кийинки эле орунда (2015-жылы) Германия турган экен. Мугалим бир жылда 61 миң 317 АКШ долларын, айына 5110 АКШ долларын, рублге эсептегенде айына 337 миң 191 рубль алган экен. Каатчылык өкүм сүрүп, банкрот абалына келип калган Грецияда жылына мугалимге 5724 АКШ доллары, айына 1480 АКШ доллары, рублге эсептегенде айына 97 миң 663 рубль төлөп келет Кийинки өлкөлөр 2015-жылы төмөнкү таблицадагыдай эмгек акы беришкен.
Өлкө | Жылдык акысы (АКШ $) | Айлык акысы
(АКШ $) |
Рубль менен |
Мексика | 68 343 | 5695 | 375 830 |
Германия | 61 317 | 5110 | 337 191 |
АКШ | 42 695 | 3558 | 234 787 |
Испания | 40 752 | 3396 | 224 101 |
Австралия | 39 125 | 3260 | 215 155 |
Нидерланды | 38 473 | 3206 | 211 569 |
Франция | 30 651 | 2554 | 168 557 |
Түштүк Корея | 29 252 | 2438 | 160 860 |
Англия | 27 768 | 2314 | 152 704 |
Япония | 27 627 | 2302 | 171 927 |
Греция | 17 760 | 1480 | 97 663 |
Россия | 5724 | 477 | 31 477 |
Жалпы рейтингде Кыргызстанда көрсөтүлгөн, бизде 2018-жылы мугалимдерге айына орто эсепте 166 АКШ доллары өлчөмүндө айлык акы берилген экен. Муну рубль менен сомго которсо канча болорун ай сайын эмгек акыны колуна кармаган мугалимдерибиз өздөрү жакшы билишет. Канчалык өкмөт аракет кылбасын, канчалык эмгек акыларды жогорулатпасын, эл аралык мааниде биздин мугалимдерибиз өтө аз эмгек акы алышары белгилүү болду.
Эл аралык иликтөөчүлөр ар кайсы өлкөлөрдүн мугалимдеринин алган айлык акыларын ошол өлкөнүн президентинин айлык акысына салыштырышкан. Мында 2015-жылдагы көрсөткүч боюнча Испаниянын мугалимдери көп акы алганы байкалат: алардын алган эмгек акысы президенттин эмгек акысынын 48 пайызына туура келген. Ошондой эле эң аз эмгек акы баякы эле Россиянын мугалимдеринде экен: алардын эмгек акысы президенттин эмгек акысынын 4 пайызын гана түзүптүр. Калган өлкөлөрдөгү абалды төмөнкү таблицадан көрсөңүз болот.
Өлкө |
Мугалимдин
эмгек акысы акысы (жыл/АКШ $) |
Президенттин эмгек акысы
(жыл/АКШ $) |
Президенттин эмгек акысына карата % |
Испания | 40 752 | 84 240 | 48% |
Мексика | 68 343 | 244 900 | 28% |
Германия | 61 317 | 244 000 | 25% |
Нидерланды | 38 473 | 204 000 | 19% |
Греция | 17 760 | 95 350 | 19% |
Түштүк Корея | 29 252 | 178 000 | 16% |
Франция | 30 651 | 202 000 | 15% |
Япония | 27 627 | 203 000 | 14% |
Англия | 27 768 | 206 000 | 13% |
АКШ | 42 695 | 400 000 | 11% |
Австралия | 39 125 | 396 000 | 10% |
Россия | 5724 | 136 000 | 4% |
Кыргызстандын мугалимдеринин эмгек акыларынын өлчөмүн өлкө президентинин эмгек акысынын өлчөмүнө салыштыра албадык, себеби андай маалымат бизде жок. Бирок, жогорудагы таблицанын эң артынан орун алып калышы толук ыктымал экени анык.
Дүйнөгө өзүнүн тартибин орноткусу келген АКШда мугалимдердин эмгек акысы жогору эсептелет, бирок ал жакта мугалимдер эмгек акыны жогорулатууну талап кылган жөө жүрүштөргө да көп чыгышат. АКШда билим алуунун баасы жогору, бирок алар билим алуу үчүн акча коротуудан качышпайт, себеби билимдүү адам ал жакта жакшы жашайт.
АКШнын мугалимдеринин айлык акысы орто эсепте 4800 доллар турат, ал эми эмгек акынын деңгээли кайсы аймакта жашагандан көбүрөөк көз каранды. Мисалы, Калифорния менен Нью-Йорк штаттарында айлык эмгек акы 7500 доллар болсо, Түштүк Дакота штатында 3200 долларга туура келет. Мугалимдердин эмгек акысынын өлчөмү билим берүү мекемесинин тибине, мектептин аброюна, кайсы штатта экенине, эмгек стажына, квалификациясына карап аныкталат. Өлкөдө миллиондогон мугалимдер бар, алардын 76 пайызы аялдар, 24 пайызы эркектер эсептелет. Дагы бир өзгөчөлүк, жеке менчик мектептердеги эмгек акы мамлекеттик мектептерге караганда кыйла жогору болот.
АКШда дагы бир жакшы нерсе, мугалимдерге эмгегине карап сыйлыктардын берилиши. Жакшы көрсөткүч менен иштеген мугалимдердин эмгек акысына 1-4,5 пайыз үстөк кошулуп берилет. Бирок, сыйлык акылар 1 миң доллардан ашпоосу керек. Айрым штаттарда жылына берилүүчү 25 жана 50 миң доллардан турган эки түрдүү сыйлыктар да бар. Андан сырткары, илимий даражасы бар мугалимдерге да бонустар, кошумча акылар каралган.
Кыскасы, Кыргызстандын мугалимдерине быйылкы кесиптик майрамдан баштап эмгек акылары көбөйүп, аз да болсо социалдык жактан жеңилдиктер келип чыгаары кубанычтуу көрүнүш. Албетте, мугалимдин, бирөөнүн балдарына билим-тарбия берген адамдын эмгеги баа жеткис, мамлекеттин казынасынын мүмкүндүгүнө карап мындан ары дагы да акылар көбөйүп турат деген ишенич бар.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.