Эми Кыргызстандын аймактарындагы жергиликтүү журналисттер англис тилин акысыз жана натыйжалуу өздөштүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. «English for Young Professionals» долбоорунун алкагында «Школа английского языка – Лингва» коомдук фондусу англис тилин акысыз үйрөтүүнү колго алууда.
Бул долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоосу менен ишке ашырылат жана быйыл февралдан баштап жылдын аягына чейин окутуу жүргүзүлөт. Долбоор катышуучулардын англис тилин өздөштүргүсү келгендерге шарт түзүп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Чолпон-Ата, Талас шаарларында жүргүзүлөт. Окууларды аталган коомдук фондунун окутуучулары алып барышат жана сабактар аптасына үч жолу кечки саат 18.30дан 20.00гө чейин өтөт. Бардык катышуучуларга чет элдик алдыңкы басмаканалардан жарык көргөн окуу китептери берилет.
Катышуучуларды тандоо сынак негизинде баарлашуу аркылуу жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн каалоочулар тиешелүү анкетаны толтуруп, тийиштүү дарекке жөнөтүү талап кылынат. Бардык суроолор боюнча linguaprograms@gmail.com электрондук дарекке кайылса болот.