Алгачкы ирет Жалал-Абад облусу жалпы республикалык тестирлөөдө биринчи орунду алды. Өлкө боюнча эң жогорку 238 баллды Курманбек баатыр кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алды. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун кулуну. Кыргызстандагы ЖОЖдордун эшиги ачык, гранттык орунда билим алса болот. Бирок анын кыялы АКШдагы жогорку окуу жайлардан програмист кесибине ээ болуу.
-Азырынча алтын сертификатыма карай дагы бир ойлонуп көрөм. Негизи АКШ да окууну самайм, анткени мен каалаган кесипке сыртта жакшы билим беришет. Чет өлкөдөн алган билимимди Кыргызстан үчүн коротуп, элимдин керегине жараган уулу болуу ниетим бар. Буга чейин сынамык тесттерди тапшырып жаттым. Ийгилигиме сынамык тесттер жардам берди. Эң башында көрсөткүчүм анчейин эмес болчу. Кийин бара-бара көбөйдү. Ар бир тапшырганда каталарымды оңдоп билип жаттым. Алгачкы кабарды укканда атам жанымда эле, абдан кубандык, — дейт Элдияр.
Республика боюнча эң алдыңкылардын 3-орунунда Гулшода Мамажанова — №20 кыргыз-түрк кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү 231 балл алган. Бүгүн ата-энеси куттуктап келип турган чагы. Апасы Хуснида Мамажанова кубанычтан бир ыйлап алганын айтат.
-Биринчи укканда кубанычтан ыйладым. Алдыңкы 50 бүтүрүүчүнүн катарына кошул деп кызыма айтып жүрдүм эле. Биздин үй-бүлө жөнөкөй эле мамлекеттик кызматкерлербиз. Кызым 6-классында математикадан ийгиликке жетишип, ошондон бери ушундай кымбат лицейде акысыз билим алды, антпесе биздин күчүбүз жетмек эмес. Кичинекейинен сүрөт тартканга аябай кызыгат. Газетага тарткан сүрөттөрү көп чыкчу, атасынын кесиптештери кичинекей кыз ушул сүрөттү кантип тартмак деп ишенишчү эмес. Ошондо эле ишеничибиз күч эле, — дейт ал.
Эске сала кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдөн 43 миң 440 абитуриент өттү. Алардын алардан алтын сертификатка ээ болгон 52 бүтүрүүчү бар. Жалал-Абад облусунан 6 бүтүрүүчү алтын сертификатка, 5 бүтүрүүчү кызыл аттестатка жетишти. ЖРТдан эң көп балл алгандардын алдыңкы ондугуна үчөө жетишкен. Мындай жетишкендик облус тарыхында биринчи ирет болууда.