Бишкектеги “Өзгөрүүлөр шамалы” долбооруна бириккен жаштар Кыргызстанды климаттык көйгөйлөргө ылайык туура багытта өнүгүшүн, жашыл энергетика багытында демилгелүү аракеттерди жасоону каалашат. Ошол багытта чечкиндүү, натыйжалуу кадамдарды жасаганы турушат. Алгачкы аракеттер, умтулуулар алдыдагы ийгиликтерге үмүт байлап, жаштарыбыз жашыл энергетика жаатында өз жолун таап кетеринен кабар бергенсийт. Ала аракеттер – аймактардагы жаштар үчүн да албан өрнөк.
Беш өлкөнүн жаштарын бириктирген иш-чара
Быйылкы жылдын 17-июнунда атайын пресс-релиз таркап, анда Борбор Азия жана Ооганстандан келген 30 жаш лидерлер Борбор Азиядагы энергиянын жаңылануу булактары боюнча конференциянын жүрүшүндө регион үчүн энергиянын жаңы булактарын сунушташканы айтылган эле. Ошол бир күндүк иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан, Өзбекстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Ооганстандан келген катышуучулар энергиянын жаңы булактары аркылуу климаттын өзгөрүүсүн чечүү үчүн 15 долбоордук сунуш жана 15 илимий эмгек сунушташканы маалым болгон.
Конференция Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин колдоосу менен жаштардын лидерлик программасы С5+1 Жаштар Кеңеши тарабынан жүргүзүлүп жаткан “Өзгөрүүлөр шамалы” долбоорунун бир гана компоненти болуп саналат. Ал эми аталган лидерлик программа Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан ишке ашырылып жатат. Маалыматта июль айынын башында долбоордун мүчөлөрү шаарды энергиянын жаңы булагы менен камсыз кылуу жана коомчулукка пайда келтирүү максатында Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында шамал турбинасын куруп орнотушары да көрсөтүлгөн.
Аталган С5+1 Жаштар Кеңеши Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн актуалдуу маселелерди чечүүгө катышуу аркылуу жаш студент лидерлердин тармактарын түзүүгө жана лидерликти өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү АКШ-Борбор Азия (С5+1) биргелешкен зордук-зомбулук, экстремизмге каршы туруу, бизнестин атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу, транспорт коридорлорун өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана адам укуктары боюнча биргелешкен максаттарына салым кошкон “Өзгөрүүлөр шамалы” сыяктуу жаштар тарабынан жетектелген долбоорлорду ишке ашырышат. Учурда С5+1 Жаштар Кеңешинин курамына Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Такжикстандан жана Ооганстандан жалпы 67 мүчө жана 137 бүтүрүүчү кирет.
Балыкчыда шамал генератору орнотулат
“Өзгөрүүлөр шамалы” долбоорунун жетекчиси Бегимай Кулешованын билдиришинче, ушул жылдын февралында C5+1 Жаштар кеңешиндеги команда долбоорду ишке ашыруу үчүн грант утуп алган. Жаштар Кыргызстанда барган сайын актуалдуу болуп бараткан жашыл энергетика чөйрөсүнө өздөрүнүн салымын кошо ала тургандыктарына кубанып калышты.
Долбоордун идеясы боюнча жаштар өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы энергетика факультеттеринин студенттери менен чогуу пилоттук версияда шамал генетарторун жыйнашы жана орнотушуу керек эле. Команда окуу жайларынын студенттерине кайрылганда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттеринен көптөгөн жагымдуу жоопторду алышкан. Көрсө, студенттер дипломдук жана конкурстук иштердин алкагында мындай долбоорлор менен буга чейин эле алек болушкан экен.
Б. Кулешованын командасы студенттердин техникалык тайпасын уюштуруп, алар март айында шамал генераторун жыйнай баштады. Шамал генераторунун үстүнөн иш жүрүп жатканда команда 17-июнь күнү жашыл энергетика тармагындагы жогоруда айтылган конференцияны уюштурууга жетишишкен. Ал жерде жашыл энергетика багытындагы прогрессивдүү докладдар менен долбоорлор сунуш кылынды. Андан тышкары, конференциянын ишине Кыргызстандын жашыл энергетика чөйрөсүнүн өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын кайталап өндүрүүчү энергия булактары боюнча ассоциациясынын президенти Татьяна Веденеева, Кыргыз Республикасынын кайталап өндүрүүчү энергия булактары боюнча ассоциациясынын төрайымы Элеонора Казакова, айлана-чөйрөнү, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча улуттук эксперт Бурул Алыкулова, «Kyrgyz Energy» компаниясынын өнүгүү боюнча директору Алтынай Абдыкеримова катышты.
Конференциянын негизги максаты жашыл энергияны жаштар арасында жайылтуу жана Кыргызстандын энергетикасынын мартабалуу өкүлдөрүнүн алдында өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүү үчүн жаштарга мүмкүндүк берүү эле.
-Долбоордун башталышында эле биз Балыкчы шаарынын мэриясы менен тыгыз байланышта иштей баштадык. Балыкчыны биз Кыргызгидромет кызматынын акыркы үч жылдагы шамал күчү боюнча маалыматтарынын негизинде тандап алганбыз. Анан биз сууканал чарбасынын аймагын тандап алдык, себеби ал талаада жайгашкандыктан шамал генераторунун ишине ылайыктуу эле, — дейт Б. Кулешова.
Алынган маалыматтар боюнча, азырынча бир шамал генератору орнотулат да, анын кубаттуулугу 1,2 киловаттка барабар, бирок, инвертордун кубаттуулугу 2,5 киловаттка жетет. Ток жыйноочу аккумуляторлордун көлөмү 100 ампер-саатка барабар болуп, ал 2400 киловатт-саат энергияны камсыз кылат.
-Шамал жабдуусу суучарба кызматы тарабынан жарыктандыруу үчүн 1 киловатт энергия алып турууга мүмкүндүк берет. Мындан чыкты, эгерде шамал генератору жалаң гана жарыктандыруу үчүн пайдаланылса, шамал генераторунун толук кандуу иштешинде аккумуляторлордун тогу 2,5 саатка бир аз жетпеген убакытка камсыз кылынат. Эми бизде шамал генераторун июль айынын орто ченинде орнотуу иши каралып жатат, — дейт Б. Кулешова алдыдагы пландалган иштер тууралуу.
Келечек – жаштарда жана жашыл энергетикада
Дүйнөдө жалпы электр энрергиясын өңдүрүү системасындагы жашыл энергетиканын үлүшү барган сайын көбөйүп баратат. Бир катар өлкөлөрдө жалпы электр энергия алуудагы жашыл энергетиканын үлүшү абдан эле жогору. Мисалы, 2021-жылы мындай үлүш Новергияда 99 пайызды, Жаңы Зеландия 80,9 пайызды, Бразилия 78,4 пайызды, Колумбия 74,5 пайызды, Канада 68 пайызды, Швеция 67 пайызды, Португалияда 65,5 пайызды түзгөн. Калган өлкөлөрдө жашыл энергетиканын электр энергиясын өндүрүүдөгү үлүшү 50 пайыздан төмөнкү деңгээлде. Ал эми 2020-жылы Европа Биримдигинин 27 өлкөсүндөгү шамал, күн, суу энергетикасы жана биоэнергетика тармагы өндүргөн жалпы электр энергиясынын 40 пайызынан көбүн өндүргөн. Алардын ичинен Швеция, Дания, Польша жана Испания алдыда баратат.
Жашыл энергетика, биринчи кезекте, абанын булгануусун азайтат же жокко чыгарат, ошондон улам парник эффектисинен келип чыгуучу көйгөйлөрдүн алдын алат, климаттын токтоосуз бузулушун жана табияттагы ири катаклизмдин болушун артка сүрөт. Ошондуктан да бул тармактын өнүгүшү Кыргызстан үчүн да маанилүү. Бирок, бул жагынан алганда биздеги потенциал канчалык?
Айрым расмий маалыматтарда, Кыргызстан жашыл энергияны күндөн, шамалдан, суудан жана биомассадан ала алат. Бул 2008-жылы кабыл алынган “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамда аныкталган. Анан калса, Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, кичи энергетика жылына 5-8 миллиард, шамал генераторлору 44,6 миллион, күн станциялары 490 миллион, ал эми биомассадан энергия өндүрүү чөйрөсү 1,3 миллиард киловатт-саат энергия бере алат.
Өлкөнүн жылдык гидроэнергетикалык жалпы потенциалы 142,5 миллиард киловатт-саатка барабар. Тилекке каршы, энергиянын альтернативдүү булактарынан пайдалануу деңгээли бизде, адистердин айтымында, 1 пайызга да жетпейт. Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигиндеги (КМШ) өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан Россия менен Тажикстандан кийинки 3-орунда турат.
Жашыл энергетиканын кескин өнүкпөй жатканынын негизги себеби – жабдуулардын кымбаттыгы. Бул үчүн опол тоодой инвестициялар керек болот. Бирок, ошол эле кезде тийиштүү жабдууларды өзүбүздөн чыгарып, өзүбүздүн адистердин күчүн пайдалануу бул тармакка азыноолак жеңилдиктерди бермек. Деген менен, биздин жаштардын шамал генераторун өздөрү жыйнап, аны Балыкчыга орнотуу аракети, балким, иштин башталышы болот.
Жалил САПАРОВ.