Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында бир жашка чейинки балдар өлүмүнүн саны өскөн. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн коллегиясында айтылды.
Маалым болгондой, быйылкы жылдын 3 ай ичинде 6906 ымыркай төрөлгөн, ошол эле учурда бир жашка чейинки 108 баланын өлүмү катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга көбөйгөн. Балдар өлүмү Аксы районунда 3кө, Базар-Коргон районунда 5ке, Ноокенде 4кө, Сузакта 5ке, Майлуу-Суу шаарында 1ге, Жалал-Абад шаарында 4кө өскөн. Ошондой эле, 3 ай аралыгында 2 эненин өлүмү катталган.
Коллегияда област аймагында 184 дарыгер жетишпестиги да айтылды. Эне жана баланын өлүмү акыркы эки жылда көбөйө баштады, мындан улам Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бир жуманын ичинде акыркы пациенттердин алган медициналык жардамдары тууралуу маалыматтарды анализдеп чыгып, кагаз жүзүндө тапшырууну талап кылды.