Европа Биримдиги климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү эске алуу менен өз экономикасын радикалдуу кайра карап чыгууга даярдык көрүп баштады. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыкты.
Европа Биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөр 2050-жылга карата абага парник газдарын бөлүп чыгаруу деңгээлин нөлгө жеткирүү милдетин алып жатышат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн ЕБ аймактагы экономикалык саясатты өзгөртүп, ошол эле кезде жашыл экономикага инвестициянын көлөмүн арттырууга убада берүүдө. Өткөн жылдын 2-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун климат боюнча конференциясында Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен 2050-жылы климаттык нейтралдуу континент болуу үчүн баарын бүгүн баштоо керектигин билдирген.
ЕБ буга жетишүү үчүн компанияларга берилүүчү мамлекеттик жардамга чектөөлөрдү азайтууну, абанын булганышын аз көзөмөлдөгөн өлкөлөрдөн импорттоонун жана сатып алуулардын шарттарына өзгөртүү киргизүү ниетинде. Андан тышкары, Европанын инвестициялык банкы алдыдагы 10 жыл ичинде 1,1 триллион евро көлөмүндө климаттык каржылоону жүргүзмөкчү.
ЕБ лидерлери көмүрдөн көбүрөөк көз каранды болуп турган Польша бул радикалдуу кадамдарга вето койбостугу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, каржылык көмөк жагын убада кылышмакчы. Европа Комиссиясынын эсеби боюнча алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн 2030-жылдан ары энергетикага кошумча инвестициялардын көлөмү жылына 290 миллиард евродон (321 миллиард доллар) кем болбойт.