Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» август айынын аягында Жарлыкка кол койгон.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата Жалал-Абад областынан төмөнкүлөр сыйланышты.
“Даңк” медалы менен:
Султанов Бекболот Мырзакасымович — “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармалыгынын начальниги.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”
деген ардактуу наам менен:
Абдивахитов Адыл Телавалдиевич — Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын кɵркɵм жетекчиси.
“Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек
сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамы менен:
Машрапов Асылбек Андалбекович — “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун филиалы – Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Исаев Эсенжан Маметканович — Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо балдардын искусство мектебинин музыка мугалими.
Маманов Көчкөнбай Чекирович — Жалал-Абад областынын Сузак райондагы Октябрь аймактык ооруканасынын рентген лаборанты.
Омурзакова Зина Касымакуновна — Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматолог врачы.
Сооронбаев Аскар Акылбекович — “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги.
Тургуналиева Афина — Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы И. Умаров атындагы №9 орто мектебинин математика мугалими.
Эрназаров Эсенбай Токторбаевич — Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн анестезиолог-врачы.