Бардык кызмат орундарына талапкерлер тандалганда анын жана жакын туугандарынын мурда соттолгону же соттолбогону сөзсүз түрдө суралат. Анткени бул кадр саясатынын тазалыгын, мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча бийлик структураларынын тазалыгын шарттайт. Бирок, Жалал-Абад шаарынын мэрин тандоодо бул принцип, критерий эске алынбай калгандай. Анын да себептери бар.
Эскерте кетсек, шаар мэри болуп 2014-жылдын сентябрынан 2018-жылдын майына чейин Салайдин Авазов иштеп келген. Бирок, Бишкек жылуулук борборундагы иштерге тиешеси бар деген шек менен апрель айында абакка алынып, 8-май күнү ал кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Андан кийин мэрлик орун талашка түшкөн.
Анан эле соо адамдын оюна келбеген иштер башталды. Эзели оту күйүшпөгөн КСДП, “Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары биригип, көпчүлүк коалицияга биригишет да, КСДПнын шайлоо убагындагы “Үлгүлүү шаар үчүн” ураанынын негизинде ошол эле аталышты алат. Мындагы КСДП менен “Ата-Журт” партиялары шайлоо убагында азыркы президент С. Жээнбековду колдосо, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы анын каршылашы Өмүрбек Бабановду колдогон. Албетте, жогору жактан аныкталбаса, шаардагы партиялык бөлүмдөр мындай кадамга барышмак эмес.
Эң кызыгы, көпчүлүк коалиция мэр кызматына талапкер катары “Ата-Журт” партиясынан Мураталы Тагаевди тандап алды. Мурда КСДП менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясы үчүн бул таптакыр мүмкүн эмес нерсе эле. Анан да “Ата-Журт” партиясы өз алдынча башка талапкерди – депутат Шайырбек Ташиевди сүрөп чыкты. Саясий эрегиштин натыйжасында шаардык кеңештеги 31 депутаттын 18и М. Тагаевге, 11и Ш. Ташиевге добуш берип, шаар мэри шайланган.
Бирок, Мураталы Тагаевди шаар мэрине алып келүү маселесинде катуу чекилик кетип калды. Кандай дебейсизби? Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаев мурда козголгон кылмыш ишинин натыйжасында соттолуп, түзөтүү колониясында жатып келген. Анын тууган-туушкандарынын арасында соттолгондор болсо, аны жооптуу кызматка коюу маселесин ойлонуп чечиш керек эле. А эгер өзү колонияда жатып келсе, анда боло береби?
М. Тагаевдин соттолгону, түрмөдө жатып чыкканы тууралуу маалымат мындан алты жыл мурда эле Кыргызстандын маалымат мейкиндигине астейдил тараган. Ал кезде “Ата-Журт” партиясынан шаардык кеңештин төрагасы болуп турган болчу. Ошол кезде Ички иштер министрлигинин кызматтарынан алынган маалыматтан белгилүү болгондой, М.Тагаев Бишкек шаарында жашап туруп, кылмыш аракеттерин жасаган жана баш калаадагы Ленин райондук соту тарабынан КЖКнын 105-беренесинин 1-бөлүгү менен 2004-жылы 21-январда соттолгон. Бирок, бул кылмыш иши кайра дагы Бишкек шаардык сотунда 2004-жылдын 2-мартында каралып, аталган сот Ленин райондук сотунун өкүмүнө өзгөртүү киргизүү менен КЖКга ылайык 4 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал эми М.Тагаев сот залынан эле камакка алынган.
Алынган маалыматтар боюнча М.Тагаев 2004-жылы 10-мартта Бишкек шаарындагы №36-эмгек түзөтүү колониясына жөнөтүлгөн. Кийин жарыяланган мунапыска ылайык ошол эле жылы 3-июнда кайра бошотулган. Өтөбөй калган жаза мөөнөтү 3 жыл 10 ай жана 12 күндү түзгөн. Бул маалыматтар Ички иштер министрлигинен алынган расмий документтерде көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, Тагаев Мураталы Абдыкарович 1978-жылы туулган, Сузак районунун Барпы айылынан болот. Жалал-Абад шаарындагы эң кеңири белгилүү “Тагай-Бий” мончосунун ээси. Анан 2012-жылкы шаардык кеңешке болгон шайлоодо “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон. СДПК жана “Ата-Журт” партияларынын саясий тандеми аркылуу шаардык кеңешке төрага болуп шайланган. Кийин анын соттолуп, түзөтүү колониясында “эс алып” чыкканы тууралуу маалыматтар таркаган соң, ал төрагалыктан кетүүгө мажбур болгон.
Албетте, илгерки союз учурунда жакын туугандары соттолгон кишилер жооптуу кызматтарды ээлей алышчу эмес. Кийин Кыргызстан эгемендик алып, “бейбаш” демократия орногон кезде деле мындай көрүнүшкө жол берилбеди. Бир гана жолу Кыргызстанды Аскар Акаев башкарып турганда Жалал-Абад областынын бир районуна мурда соттолгон кишини дайындай коюшуп, анан массалык маалымат каражаттары чуу түшкөндө дароо кайра алып салышкан. Кыскасы, мыйзамдуулук, адилеттик, моралдык-адеп ахлактык принциптер күчүндө эле. Бирок, барган сайын адилеттиктен да, мыйзамдуулуктан да, адеп-ахлактан да тайып баратканыбыз мурда колониянын тамагын жеп келген дал ушул М. Тагаевдин эч нерсе болбогондой Кыргызстандын үчүнчү шаарын башкарып отуруп калышынан көрүндү.
Жалал-Абад шаары – Кыргызстандагы үчүнчү шаар, биринчи элдик ыңкылаптын мекени, миңдеген эң мыкты, нарк-насилдүү атуулдары бар 150 миңден ашуун калктын сүйүктүү турагы. Илгери азирети Аюб пайгамбардын келип-кеткен, изи калган ыйык жай. Не бир тарыхый окуяларды башынан өткөрүп, өлкөнүн өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон, өлкөгө экинчи президентти берген шаар. Ушундай куттуу административдик чөлкөмдү башкарууга арты таза, жасаган иштери, адеп-ахлагы жана интеллектуалдык, башка да критерийлери менен көрүнгөн түзүгүрөөк киши табылбадыбы?! Өтө өкүнүчтүү…
Жалил САПАРОВ.