Кыргыз Республикасынын Президенти
С. ЖЭЭНБЕКОВго.
Көчүрмөсү: массалык маалымат каражаттарына.
Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу,
коомдук укук коргоочу, пенсионер
Абдыкадыров Шараптан.
Дарегим: Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү – 129\12.
Байланыш үчүн телефонум: 0772 877 769
К А Й Р Ы Л У У
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мен буга чейин да 5 жыл бою өлкө башчысына, анан Сизге да 105 жолу кайрылуу каттарын жиберип, бирок президенттик аппараттагы айрым чиновниктер тарабынан ал каттар Сизге жеткен эмес. Ошондой эле ал чиновниктер биздин өтүнүчтөрүбүздүн ушул күнгө чейин аткарылбай келишине себепкер болушту. Сиз калктын муктаждыктары менен мүдөөлөрү үчүн иштейм дейсиз, бирок Сиздин кол астыңыздагы кызматкерлер таптакыр башкача иштеп жатканын билбейсиз. Ошентсе да Сизге дагы бир жолу кайрылып, Жалал-Абад шаарындагы кылмышты жана кылмышкерди Башкы прокурордун биринчи орун басары Н. Дарданов жана Жалал-Абад шаарындагы укук коргоо органдары кантип калкалап, коргоп келаткандары тууралуу кабар жеткирейин дедим. Эгер Сиз президент болуп турган кезде кылмышкерлерди мамлекеттик бийлик органдары калкалап турса, анда мындай бийликтин кимге кереги бар?
Нурлан Дарданов мурда Жалал-Абад областынын прокурорунун орун бсары болуп иштеп турган. Иштеп турган мезгилинде Жалал-Абад шаарындагы коомго коркунучтуу алдамчы жана уурулук менен алек болу жүргөн Бегайым Исраилованын кылмыш фактыларын жашырууга, аны кылмыш жоопкерчилигинен сактап калууга аракет кылып, мыйзамдуулуктун орношуна, ага прокурор катары көзөмөл жүргүзүүгө умтулган жок. Эми анын ошол аракеттери үчүн ал Башкы прокурордун орун басары болуп көтөрүлүп кеттиби? Бул мыйзамды сыйлаган карапайым жаран, ардагер катары мага таптакыр түшүнүксүз.
Сепаратист, 2010-жылдагы каргашалуу окуялардын келип чыгышына себепкер болгон, азыр маркум Кадыржан Батыров сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган соң, анын мүлктөрү мамлекетке алынган. Бирок, анын мүлктөрүн уурдап, ээлеп, ар кимдерге сатып оокат кылгандар тобу пайда болгон. Ошол топтун анабашыларынын бири Бегайым Исраилова болуп эсептелет. Ал К. Батыровдун мурдагы жерлерин басып алып, ар кимдерге сатып, баюу аракети менен колго түшүп, 2015-жылы 30-октябрда Сузак райондук соту тарабынан күнөөлү деп табылган жана 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскиришинен улам жаза өтөөдөн бошотулган. Андан кийин да Бегайым Исраилованын үстүнөн бала уурдагандык боюнча кылмыш-иши козголуп, азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат. Бирок, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндөгү кылмышкерди жазадан сактап калуу боюнча аракеттердин натыйжасында бул иш сотко жетпей калуу коркунучунда турат.
Беш жыл илгери, 2014-жылы февраль айында Сузак районунун Мундуз айылынын тургуну А. Орозов Б. Исраилованын уурулук аракеттери тууралуу жогорку органдарга кайрылган, ал арыз областтык прокуратурага жөнөтүлгөн. Ал боюнча ошол кезде областтын прокурорунун орун басары болуп турган Н. Дарданов арыздануучу А. Орозовго 2014-жылдын 7-мартында жооп кат жазган. Жооп катта минтип билдирген: “Текшерүүдө, 2014-жылдын январь айында “Аль-КАБ” ЖЧКнун генералдык директору Турдиахунов Равшанбек Жалал-Абад шаарынын тургуну Исраилова Бегай менен алдын ала макулдашып, К. Батыровго тиешелүү болуп, Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы өкүмү менен мамлекетке конфискацияланган Жалал-Абад шаарынын “Промзона” участкасынын “180а” кварталында жайгашкан өндүрүш базасынын аймагынан цемент сактоочу 6 даана металл бочкаларын таяныч конструкциялары менен уурдашып, “Шарабидин” аттуу кара металл алуучу адамга 250 00 сомго сатып жиберишкени аныкталган”.
Ошентип, областтык прокурордун орун басары Н. Дарданов Б. Исраилованын К. Батыровдун мамлекетке өткөн мүлктөрүн уурдап, сатып жибергенин расмий тастыктап, жооп катында билдирип жатат. Ошондон кийин бул уурулукка катышкан Р. Турдиахунов камакка алынган, бирок Б. Исраилова камалган эмес. Биз укук коргоочу Жолдошбай Эргешов менен чогуу Н. Дардановдун кабинетине барып, эмне үчүн кармалган эки уурунун бирөө камалып, экинчиси камалбаганын сурадык. Н. Дарданов “Жалал-Абад ШИИБнин тергөөчүлөрү Б. Исраилованы сотко өткөрбөй чыгарып салышыптыр” деди. А биз болсо, прокурору катары эмне үчүн аны көзөмөлдөбөгөнүн, тергөөчүнүн токтомун бузбаганын сурадык. Ал “Силердин Б. Исраиловадан башка ишиңер жокпу?” деди. Ал уурулук кылган Б. Исраилованы бизден ошентип ачык эле коргоп чыкты. Ошол уурунун кылмышын билип туруп аны коргогон, жазага кириптер кылбаган Н. Дарданов азыр Башкы прокурордун 1-орун басары болуп отурат.
Тилекке каршы, бул Н. Дардановдун мыйзамдуулукка болгон ушундай бир эле мамилеси эмес. Мындай нерселер толуп жатат. Ал эми уурулукка камалган Р. Турдиахунов да камакта жаткан жеринен өлүп калган, анын шектүү өлүмүн териштирген, чындыкты алып чыккан киши болгон жок. Бул да Н. Дардановдун убагында жүз берген терс жагдай. Бирок, ошондо уурулугу тастыкталган Б. Исраилова эмне үчүн жазадан кутулуп кеткенин Н. Дарданов элге ачык айтып, өзүн актап алса жакшы болор эле.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Бул сөз болуп жаткан Б. Исраилова тууралуу укук коргоо органдарында материалдар көп, бирок алар негедир каралбайт, аны жазага тартышпайт. Буга бир мисал: ошол 2014-жылы 7-мартта арыздануучу А. Орозовго берген жооп катында Н. Дарданов “Мындан тышкары, 2014-жылдын 21-февралында Жалал-Абад областынын прокуратурасынын “Ишеним телефонуна” өзүн “Азиза” деп тааныштырган жаран К. Батыровдордун Сузак райондук сотунун өкүмү менен мамлекетке конфискацияланган мүлктөрүн “Кеша” аттуу жана башка белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирген” деп жазган.
Бирок, Н. Дарданов прокурор катары ошол “Кеша” деген ким экенине кызыкпаган жана кылмыштын бетинин ачылып, кылмышкерлер жазага тартылышына аракет жасаган эмес. Бул Кеша деген “каралар” арасындагы каймана ат, чыныгы аты Акбала Нурдинов, биз сөз кылып жаткан Б. Исраилованын тууганы болот. Балким уюшкан уурулардын куйругун баспайын деп, өз башын ойлогон Н. Дарданов аларды тек койгондур. Бирок, ал прокурордун кылар ишиби?
К. Батыровдун мурдагы жерлерине мыйзамсыз ээлик кылып, оңду-солду беймарал саткан, арамдан баюу жолуна түшкөн Б. Исраилованын кылмыш фактылары көрүнөө болсо да Жалал-Абад шаарындагы жана областындагы укук коргоо органдары лам деп ооз ачпай, кайра коргоп келишет. Жер сатып, 6 эпизод менен айыпталып, 6 жылга эркинен ажыратылган Б. Исраилова жүздөгөн адамдарга алдамчылык менен жер сатканы аныкталды. Анын ичинен 6 гана кишиге тергөө учурунда алган акчаларын кайтарып берген. Калгандары күйүп кала беришти, бирок милиция, прокуратура, сот буга кайдигер мамиле жасаганы, Б. Исраилованы жоопко тартпаганы кызык.
Дагы бир мисал: 2018-жылы 23-мартта мага 1981-жылы туулган Касымов Алтынбек Ажымаматович деген жаран кайрылып калды. Ал 2 бөлмөгө куюлган фундаментти жер аянты менен бирөөдөн сатып алган экен. Ага 78 миң сом төлөгөнүн тил каттан тышкары дагы 2 күбө ырастайт. Кийин анын ошол чегин Б. Исраилова өз билемдик менен эле Жалал-Абад шаарыдагы Бегимкулова көчөсүнүн 18-үйүнүн тургуну Кудайбердиев Айбекке сатып жиберген. А. Касымовдун айтымында, 2018-жылдын 14-февралында кечинде анын үйүнө 4 эркек жана 1 аял келип, чектен баш тартууну, “жерди кимден алсаң, акчаны ошондон алып ал” деп талап кылышат. А. Касымов баш тартканда аны төрт эркек катуу сабап кетет. Ал укук коргоо органдарына арызданып, сотмедэкспертизадан текшерүүдөн өтөт. Бирок, шаардык милиция аны коргоонун ордуна кайра өзүн камап салган. Ага бирөөдөн алган карызын өз убагында төлөй албаганын себеп кылышыптыр.
Ошентип, бирөөдөн бирөө карыз болсо, аны Жалал-Абад шаардык милилциясы дароо камап коёт. Бирок, бирөөнүн жерин ээлеп, ар кимдерге сатып, анан ким бирөөнү токмоктотуп койгон Б. Исраиловага эч бир жаза жок. Жаман мамиле да жок. Бул эмне, Жалал-Абаддагы укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топко мүчө киргениби? Аларды коргогонубу?
Б. Исраилова азыркы учурда бала уурдагандыкка шектелип жатат. Ал баланы өзү ким бирөөдөн төрөп алдым деген кабар таркаткан, бирок ал кийин калп болуп чыкканы жалпыга маалым. Ал баланы кайдан, кимден, качан алганы, ал бала кимдики экени, кантип Б. Исраилованын колуна түшүп калганы белгисиз. Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан Б. Исраилованын шектүү баласы боюнча 2019-жылдын 23-февралында кылмыш иши козголгон жана Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген. Бирок, шаардык милициянын тергөөчүсү Нургазы Абдырахманов 5 ай тергөө жүргүздү. Бирок, кийин мага бут тосуулар болуп жатканын, өзү үчүн коркуп жатканын айтты. Мындай кепти Махабат Токторбаева атуу аялга айткан, ал тастыктап берет. Тергөөчүгө областтык прокуратурадан кысым болуп жатканы да белгилүү болду. Аргасыздан тергөөчү кылмыш ишин кыскартып, токтом чыгарды.
Бирок, Жалал-Абад областтык прокуратурасы 2019-жылы 2-сентябрда тергөөчүнүн токтомун бузуп, ошол эле Жалал-Абад милициясына кайра тергөөгө жиберген. Иш кайра эле ошол тергөөчү Н. Абдырахмановго түшкөн. Эми ал эмне кылаарын билбей убара. Себеби, ишти тергеп, сотко өткөрүүсүнө таасирдүү күчтөр катуу тоскоолдук кылып жатышат. Мага тергөөчү өзү кайрылып, ишти менден алып, башка тергөөчүгө караткыла деп суранды. Чынында эле тергөөчү кыйын абалда калыптыр. Мына 2 айдан бери тергөө токтоп, ордунан жылбай турат. Бул областтык прокуратуранын иши.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Биз Б. Исраиловага байланышкан иштер боюнча өлкө башчысына, Сизге 5 жыл бою 105тен ашуун кайрылуу каттарын жөнөттүк. Бирок, бирөөсү да Сизге жетпегенин билебиз. Президенттик аппаратта иштегендер бизден барган кайрылууларды дайыма бир дарек боюнча Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүшөт. Алар болсо, бизге баякы эле көнгөн мазмунда тил эмизип, жооп кат жазышат. Себеби, алдамчы, кылмышкер Б. Исраилованы өздөрү калкалап жатышат да.
Эмне үчүн 5 жыл бою 105тен ашык жолу кайрылсак, президенттик аппараттын кызматкерлери олуттуураак карап, мамиле жасабагандыгы бизди кейитет. Биз жергиликтүү укук коргоо органдары туура эмес иштеп жатканын жазсак, кайра эле биздин катты кароо үчүн ошолорго жиберишет. Эмне, бул президенттик аппараттын бизди мыскылдаганыбы? Же мындай жүр-нары мамиле болуп келген жана боло береби? Анда биз айрымдарга окшоп Россиянын президенти Путинге же ООНго кайрылалыбы? Биздин Президентибиз жокпу?
Дагы бир жолу атайын Сизге кайрылуу менен төмөнкү маселеде Сиз өзүңүз бизге жардам көрсөтүп коёрсуз деген үмүттөмүн.
1.К. Батыровдун мамлекетке өткөн мүлкүн уурдап-жегендерди жоопко тарттыруу жана мамлекеттин эсебине төлөтүп алуу.
2.Б. Исраилованын колундагы шектүү бала боюнча козголгон кылмыш ишин олуттуу тергеп, жоопко тартуу. Ишти сотко жеткирүү менен тергөөчүгө тоскоолдук келтирген тараптарды тартипке чакыруу.
- Жалал-Абад областтык, шаардык прокуратуранын, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишин мыйзамдуу, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына иштей тургандай кылып, тартипке салуу.
- Башкы прокурордун 1-орун басары Н. Дардановдун кызматтык аракеттерине баа берүү.
Жогоруда аталган укук коргоо органдарынын ишиндеги шалаакылык, мыйзамсыздык, кылмыштарды жаап-жашыруу, кылмышкерлерди коргоо, сактоо көрүнүштөрүнөн улам көптөгөн уюшкан кылмыштуулуктардын, коррупциянын бети ачылбай кала берүүдө. Бул Сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңызга таптакыр дал келбейт, урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сизден жардам күтүп,
Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу,
эмгек ардагери, укук коргоочу: Ш. Абдыкадыров.