Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2019-жылдын январь айына карата Жалал-Абад шаарында 2 жаштан 6 жашка чейинки 14 миң 291 бала бар, алардын 5 миңдейи гана бала бакчага барат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Нурбек Олжобаев билдирди.
-Шаар аймагындагы 23 муниципалдык бала бакчада 4 миң 572 бала, ал эми жеке менчик 9 бала бакчада 780 бала тарбияланууда. Бул жалпы мектепке чейинки курактагы балдардын 37,8 пайызын түзөт. Бул жетишпестикти жоюу боюнча жергиликтүү бийлик мурда менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра кайтаруу жөнүндө өкмөттүн буйругун аткарып жатат. Советтер Союзу убагында Жалал-Абад шаарында 36 бала бакча болгон. Бүгүнкү күндө мына 23 муниципалдык бала бакча калса, үчөө жаңы курулган, калган 16сы менчиктештирилип, ар кайсы мекеме-ишканалардын балансында турат. Эгер алар кайрадан бала бакчага айланса, камтуу көрсөткүчү 50-70 пайызга көбөймөк. Жетишпестик көйгөйү, албетте, балдардын санынын кекин өсүп кетишин шарттайт. Мисалы, бизде жалпы бала бакчалардын камтуусу 3 миң 250 орунду түзгөнү менен 4 миң 572 бала тарбияланууда. Бул санитардык талаптардын бир жарым миңдей бала ашыкча дегенди билдирет, — дейт ал.
Ошондой эле, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси бала бакчаларга да электрондук кезек уюштуруу жагы колго алына баштаганын кошумчалады. Ал эми учурда миңдей бала кезекте турат.
Эске сала кетсек, быйылкы жылдын эсебинен Жалал-Абад шаарында бир жеке менчик 50 орундуу бала бакча ачылды, учурда аны ишке кийирүү аракеттери жүрүп жатат.
Роза Акматжан кызы.