Быйылкы окуу жылында област боюнча 110 мугалим жетишпейт, ал эми област борорунда орус тилдүү мугалимдердин жетишпестиги күч.
Жалал-Абад областында былтыркы жылы 140 мугалим жетишиз болгон, быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына карата 110 мугалим жетишпей турат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Эрнис Бөрүбаев билдирди.
Жаш кадрларды иш менен камсыз кылуу боюнча быйыл Жалал-Абад мамлекеттик университетинен бөлүштүрүүнүн негизинде 219 жаш мугалимдер ишке кабыл алынган.
Ошондой эле, Жалал-Абад шаарында орус тили предметинен мугалимдердин жетишпестиги көйгөй жаратууда. Анткени шаардык калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүндө орус тилинде так сабак өтө алган педагогдорго суроо-талап алдыңкы сапта турат деп билдиришти аталган ишканадан.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында азыр 225 миң 416 окуучу, 15 миң 603 мугалим бар.