Жалал-Абад шаарынын депутаттары прокуратуранын чечимине нааразы. Ал эми шаардык жетекчи аткаруу бийлиги тарабынан кызматтан алуунун ар кандай аракеттери болуп жаткандыгын, депутаттар буюртма аткарып жаткандай сезилгендигин жашырган жок.
Акыркы өткөн сессияда “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысына ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси каралып, эки жолу добушка коюу менен токтом кабыл алынган. Ал эми шаардык прокуратура бул чечимди мыйзамга каршы деп тапты.
-Мен ошол күнү иш сапары менен Бишкекке жөнөшүм керек эле, ал жакта таза суу долбоорунун экинчи фазасы боюнча иштер болмок. Сессияда мага эч кандай эскертүүсүз, түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилбестен эле, мурдатан күн тартибинде каралбаса да депутаттар чечим кабыл алышты. Сессиядагы жагдайлардан улам депутаттарды кимдир бирөө үндөп жатканы байкалып турду. Алар буюртма аткарып жаткандай түшүнүк калтырышты. Жок жерден каралоого калгым келбейт, ошол үчүн прокуратурага кайрылдым жана бүгүнкү күнү оң жообун алдым, – дейт “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакиров.
Ал эми депутаттар Жалал-Абад шаарынын прокурору чыгарган чечимге азырынча макул эмес. Бул туралуу депутат Шайырбек Ташиев так кесе айтты.
-Прокуратура ушунчалык мыйзамдуулугун карайт экен, эмнеге кош жарандуулугун карабайт? Комиссияда каралбай сессияга алып чыккандыгын жүйөө келтириптир. Биздин фракция сессияга чейин аталган сунушту берип жатканбыз. Айрым маселелер комиссияда каралат, айрым маселелер кошумча маселе катары күн тартибине киргизилет. Сөзсүз эле комиссияда каралсын деген жери жок, — дейт ал.
Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев прокуратуранын каршылыгын канаттандырабызбы жокпу аны сессияда карайбыз, азыр биздин юристтер бул маселе боюнча иштеп жатат, ошого карай жооп кылабыз деп билдирди.
“Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысына депутаттар ишенбөөчүлүк келтирип токтом чыгарганына 25 күндөн ашты. Бирок, шаар мэри азырынча кызматтан кетирүү буйругун чыгара элек. Эгер андай буйрук болгон күндө да Т. Бакиров өзүнүн ак иштегенин сот аркылуу далилдеп бергенге даяр.
-Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуучулук болсо, анда ар бир жетекчи, ар бир адам жооп бергенге милдеттүүбүз. Ушунча эл үчүн, шаар үчүн иштеп, анан эле бир адамдын буйругун аткарбай коюп, эл душманы, шаар душманы аталып, каралоого калгым келбейт. Мен өзүмдүн ак экендимди, шаардын өнүгүшү үчүн таза иштегенимди керек болсо сот аркылуу далилдеп бергенге даярмын, — дейт Т. Бакиров.
Жалал-Абад шаарынын мэриясында кызмат үчүн соттошкондор жана ушуга окшош саясий оюндар буга чейин да болуп келген. Кадрлар өздөрүнө жасалган адилетсиздикти сотто далилдеп, кайра кызматын тикелеген бир нече фактылар бар. Коомдук активист Максат Абдукаимов муну билимсиздердин бийликке келиши менен байланыштырат.
-Бүгүнкү күндө эл шайлоо укугунан ажырап калган. Алар өздөрүн эл өкүлдөрүбүз дейт, бирок алар партииянын өкүлдөрү. Элге жаккан эмес, парртия жетекчисине жаккан адам барган. Эл партияны шайлайт, анан анын жетекчилиги каалаган адамын мандатка коёт. Ошентип бизнесмендер, чоң муштумдар, акчалуулар эл өкүлү болушат. Ал 31и анан мэрди шайлайт. Элетте болсо, айыл өкмөттү шайлашат. Мына ушундай жагдайда бийликке баргандар нак элдин добушу менен барган жок. Ал эми алардын кызмат үчүн кадрларды каалагандай калчаганы, жакшы иштегендерге жасалган терс мамилелер, мыйзамсыз иш жасаганы ошол бийликтегилердин билими тайкылыгын далилдеп жатат, — дейт ал.
Эске сала кетсек, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөн Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакировдун бир тууган иниси, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы сунуштаган кадр. Депутаттар ишенбөөчүлүк келтирерден бир жума мурда анын чөнтөк телефону шаар мэринин кабылдамасында жоголуп кеткен. Кызыгы мэриянын имаратына коюлган видео-байкоонун ошол күндөгү жазуулары да өчүп калган. Аталган фактынын негизинде шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон, бирок телефон табыла элек.
Азыркы тапта “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгы тарабынан шаардагы суу жана саркынды суу түтүктөрүн алмаштыруунун экинчи фазасы башталуу алдында турат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилип, жалпы наркы 9,275 миллион еврону түзөт. Аталган долбоордун биринчи фазасына 8 миллион евро бөлүнгөн.
Роза АКМАТЖАН кызы.