Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунда эки күн ичинде 30дан ашык адамга эки миң долларлык операциялар акысыз жасалды.
Кечээ, 9-апрель күнү Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборуна Бириккен Араб Эмираттарынан эки профессор жүрөк-кантамыр ооруларына акысыз операция жасоо үчүн келди. Үч күнгө созулган иш сапарында алар болушунча көбүрөөк операция жасоого аракет кылышарын билдирди аталган борбордун директору Калдарбек Абдыраманов.
-Мен Бишкекте иштеп жүргөндө Араб Эмираттарынын врачтары менен иштешип, алар Кыргызстанга акысыз операция жасоого келишкен эле. Эки жылдан бери мамлекет тарабынан жеңилдик болбой жаткандыгынан быйыл өзүбүз сүйлөшүү жүргүзүп, чакырдык. Алар Жалал-Абад областына биринчи келип жатышат. Антпесе мындай операция кымбат болгондуктан, көпчүлүктүн каржысы жетпейт, — дейт К. Абдыраманов.
Маалыматтан белгилүү болгондой, кан тамыр кысылып, жүрөккө кан келбей калат, мындайда кан тамырдын жолун ачуу үчүн стенд коюлат. Мындай стенд өлкөдө жок, бирок фирмалар менен сүйлөшүп чет жактан сатып алуу баасы 1 миң 800 долларга жетет. Дарылануунун чыгымдары муну менен гана бүтүп калбайт, операцияга жалпысынан эки миң доллар чыгым кетет. Бул ирет чет элдик врачтар өздөрү менен 60 стенд алып келишкен, алардын баары акысыз коюлат.
Бейтап Калил Токтобаев Бишкектен Жалал-Абадга келгенде оорусу кармап калып, аны чет элдик кардиологдордун акысыз операциясы сактап калды. Ал буга чейин баасы эки миң сомго жеткен дары дармектерди сатып алып, аны күнүгө бирден ичип туруусу керек эле, операциядан кийин 6 айдан соң ал дарылардан кутулат, башкача айтканда, эми дарысыз жашай алат.
Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборуна жылына 500дөй адам кайрылат. Андан сырткары, жүрөккө коюлган стенд 15 жылда кайра жаңыланышы керек болот. Андыктан карапайым кишилер өкмөт тарабынан эки жылдан бери токтоп калган акысыз операцияга муктаж.
-Биздин ооруканада жүрөк ооруларынын бардык түрүнө операция жасалат. Болгону бейтаптар чет өлкөдөн стенд сатып алуу жагынан кыйналышат, – дейт К. Абдыраманов.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борбору тарабынан Кыргызстанда жана Орто Азияда жүрөккө жасалган биринчи операцияга 60 жыл толгондугуна карата уюштурулду. Мындан 60 жыл мурда 19-майда Кыргызстанда кардиохирургиянын жаңы доору башталган.
Try essay generator reddit to do your very best to be precise, concise, insightful, and persuasive.