Жалал-Абад областы боюнча алганда Жалал-Абад шаары өндүрулбөй калган салктын көлөмү боюнча рекордсмен болду. Салык карыздарынын көлөмү 42 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу Өкмөттүн областтык өкүлчүлүгүндө биринчи чейректин жыйынтыгын талкуулаган жыйында айтылды.
Алынган маалыматка караганда, 2019-жылдын 3 айына карата област боюнча өндүрүлбөй калган салык төлөмдөрүнөн жалпы карыз 119,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын 3 айына салыштырмалуу 19,3 миллион сомго азайган. Бирок, айрым район-шаарларда анын көлөмү көп бойдон калууда.
Мисалы, ушундай чоң суммадагы карыз Жалал-Абад шаарында 42 миллион сомду, же жалпы карыздын 35,2 пайызын түзөт. Ноокен районунда карыздын көлөмү 20,8 миллион сом, же жалпы карыздын 17,4 пайызына барабар. Сузак районунда карыз көлөмү 13,9 миллион сом, же жалпы карыздын 11,7 пайызына жеткен. Кара-Көл шаарында 11,1 миллион сом, же жалпы карыздын 9,3 пайызын, Майлуу-Сууда шаарында 9,3 миллион сом, же жалпы карыздын 7,8 пайызын, Таш-Көмүр шаарында 6,8 миллион сом, же жалпы карыздын 5,7 пайызын түзөт.