Жалал-Абад шаардык мамлекеттик архивинде документтер 100 пайызга толуп, кошумча архив сактоочу имарат куруу зарылдыгы областтык деңгээлде айтылды.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Жалал-Абад областы боюнча мекеме ишканалардан 2 миң 568 көктөмөлөр, анын ичинен облмамархивге 956, ал эми райшаарархивдерине 1612 туруктуу сакталуучу көктөмөлөр мамлекеттик сактоого кабыл алынган. Ошондой эле башкаруу документтери боюнча 3 миң 893 көктөмө, өздүк курам боюнча 743 көктөмө бекитилген. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жарым жылдык коллегиясында айтылды. Негизги көйгөйлөрдүн бири катары Жалал-Абад шаарында архив үчүн кошумча имарат муктаж болуп жаткандыгы көлдөлөң коюлду.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгу жылдын 6 айында Таш-Көмүр шаардык мамлекеттик архиви өзүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө жетишкен. Эмгек жамааты жергиликтүү уюмдар менен иш жүргүзүп, Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы тарабынан 8 стеллаж койдурууга, Шаардык эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы тарабынан 36 миң сом акча каражатын бөлдүрүү менен короосунун тосмолорун тургузууга жетишип, архив жаӊы имаратка көчкөн.