Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүн оңдоп-түзөө иштери тезирээк бүтүшү керек, бул көчөдө жүрүү жөө атуулдар үчүн кооптуу болуп калды. Мындай маанидеги маалыматты областтык клиникалык оорукананын кызматкерлери Кыргыз өкмөтүнө ушуну менен экинчи жолу жөнөтүп отурушат. Бул тууралуу оорукана кызматкерлери24.kg маалымат ресурсуна билдиришкен.
-Шаардагы өтө кооптуу жол кыймылы болуп жаткан Пушкин көчөсүнө светофорлорду качан орнотушат? Тургундар жарым жылдан бери мэриядан аталган көчөдө жол кыймылын тартипке келтирип, жол коопсуздугун кмсыз кылууну сурап келишет: жөө атуулдар, картаңдар да, балдар да көп катташат, айдоочулар да ылдам жүрүшөт, — деп жазышат шаардыктар. Алардын айтымында, жол кыймылынын кокустуктары күн сайын болуп турат.
-Шаар бийликтери көчөдө тартип орнотууну сентябрь айынын аягына чейин убада кылышкан. Президенттик жана өкмөттүк аппаратан бул маселени көзөмөлгө алууну сунарабыз, — деп жазышат алар.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүн кеңейтүү иштеринин биринчи этабы өткөн жылы башталган. Быйыл жазда экинчи этабы башталып, октябрь айына чейин бүткөрүү каралган болчу. Азырынча оңдоп-түзөтүү иштери дале жүрүп жатат.