Жалпыга маалым болгондой, Мураталы Тагаев 2018-жылдын 11-июнунда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин эки жолку төрагасы болгон. Эл оозунда “Тагаевдин мэр болуп калышына өлкө башчынын түздөн түз тиешеси бар” деген кептер дембе-дем айтылып жүрөт. Коомчулук анын себебин Президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун уулу Мураталы Тагаевдин агасынын кызын алганы менен байланыштырышат. Албетте, куда-сөөктүк өз жолунда, Мураталы Тагаев да кызматын аткарып жатат. Деген менен, ал мэрлик кызматтагы бир жылында ар кимди ашата сөккөн “өзгөчө кылык-жоруктары” жана “чоң муштумдугу” менен коомчулукка кеңири таанылып, бир-нече мыйзам бузууларга барган. Бирок, анын баары көз жаздымда калып кетүүдө. Мунун өзү Жалал-Абад шаарында Президент Сооронбай Жээнбековдун аброюна кыйла эле көлөкө түшүргөндүгү менен өзгөчөлүү.
Үйрөнгөн адат… чоң муштум…
Президенттин кудасы, “эрке мэр” аталган Мураталы Тагаевдин чоң муштумдугу — анын эскиден эле үйрөнгөн адаты эсептелет. Анткени М.Тагаев Бишкек шаарында жашап туруп, кылмыш аракеттерин жасаган жана баш калаадагы Ленин райондук соту тарабынан Кылмы-жаза кодексинин (КЖК) 105-беренесинин 1-бөлүгү менен 2004-жылы 21-январда үч жылга эркинен ажыратуу жазасына соттолгон. Бирок, бул кылмыш иши кайра дагы Бишкек шаардык сотунда 2004-жылдын 2-мартында каралып, аталган сот Ленин райондук сотунун өкүмүнө өзгөртүү киргизүү менен КЖКга тийиштүү беренелерине негизденип, 4 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал эми М.Тагаев сот залынан эле камакка алынган.
Алынган маалыматтар боюнча М.Тагаев 2004-жылы 10-мартта Бишкек шаарындагы №36-эмгек түзөтүү колониясына жөнөтүлгөн. Кийин жарыяланган мунапыска ылайык ошол эле жылы 3-июнда жаза өтөөдөн бошотулган. Ошондогу өтөбөй калган жаза мөөнөтү 3 жыл 10 ай жана 12 күндү түзгөн. Бул маалыматтар Ички иштер министрлигинен алынган расмий документтерде көрсөтүлгөн.
Деген менен, М. Тагаевди шаар мэрлигинде тандаганда, аны Жалал-Абад шаардык кеңешинде шайлаганда жана ага КР Өкмөтүнөн буйрук чыгарганда анын бир кезде кылмыш жасап, түзөтүү колониясында эс алып чыкканы таптакыр эле эске алынган эмес. Балким, М. Тагаевден башка талапкер болгондо эске алынмак, бирок Президенттин кудасы болуп аткан соң, албетте, эске алынган эмес.
Тагаевдин андагы баштаган “хилуганчылыгы” ошол 2004-жылда эле кала бербептир, мэр болгон соң эски адат кайра жанданды. Калаа башчысы катары андан жардам сурап кайрылган 72 жаштагы кемпирди колунан сүйрөп, кабинетинен кууп чыкканы ачыкталып, мэрден ыдык көргөн жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Бул маалымат өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго чейин жетип, ал “мыйзам чегинде каралат” деп убадасын берген. Бирок, ушул күнгө чейин ал убададан эч кандай жыйынтык чыкпады.
Өлкө башчыларынын жана укук коргоо органдарынын мындай “камкор” мамилесинен кийин М. Тагаев чоң муштум турпатын ого бетер жандантты. Ушул жылдын 3-июлунун түнүндө ал өзүнө караштуу мончодо шаар тургунун сабап, ал милицияга арыз жазган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлө баштаган. Бирок, ошол бойдон андан да жыйынтык чыга элек, себеби Президенттин кудасы болгондуктан ага мыйзамдын да күчү жетпейт окшоп калды.
Мейли 2004-жылдагы соттуулугу буга чейин жанып, М. Тагаев аппак киши болуп калды дейли. Бирок, мэр болгондон кийинки чоң муштумдугу үчүн мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек эле да…
Мэр кудасы Сооронбай Жээнбековду ачык эле тоотпойт
М. Тагаев мурда эле өзүн пиарлаганды жакшы көрчү, ошондуктан журналисттер менен мамиле түзүп, аларга жакшы мамиле жасачу. Депутат кезинде журналисттерди уюштуруп, аткаруу бийлигинин кемчиликтерин безилдете сындап, өзүн «дерзкий депутат» экенин көрсөткөн. Бирок, өзү мэр болуп калган соң, баары 180 градуска бурулду. Журналисттердын сындап чыгышынын алдын алып,
жергиликтүү муниципалдык кызматтардын маалымат берүүсү боюнча монополия түздү. Мындай аракет Жалал-Абад шаарынын эгемен тарыхында дегеле болуп көрбөгөн эле.
Атап айтканда, шаар мэри Мураталы Тагаев терс маалыматтардын журналисттерге жетишин чектөө аракетин колго алып, 2018-жылы 20-ноябрь күнү “Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндө” №336-б буйрукка кол койгон. Аталган буйрукта “шаардык муниципалдык ишкана жетекчилерине “шаардын аймагынан чет жакка, башка район-шаарларга, Бишкек, Ош шаарына иш-сапарга чыгууда, массалык маалымат каражаттарына кандайдыр маалымат берүүдө шаар жетекчилиги менен макулдашуу” керектиги жазылган. Башкача айтканда, журналисттер ишкана жетекчилеринен маалымат сурашса, алар шаар жетекчилигинен уруксат алмайынча аны бере алышпайт.
Бул тууралуу да массалык маалымат каражаттары чуу көтөрүшкөн, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго басма сөз жыйынында журналисттер да бул тууралуу түз кайрылышкан. Президент мэрдин мындай аракети туура эместигин айтып, сынга алган. Бирок, ал айтылган президенттик сын ошол жерде кала берди, анткени бул боюнча мэрге эч бир чара көрүлгөн жок жана ал буйрукту да эч ким жокко чыгарбады. Себеби, Президенттин кудасы экенин жакшы билген М. Тагаев мыйзамды да, Президенттин айткан сынын да тооткон жок.
Тескерисинче, ал мындай маалыматтык монополияны күчөттү. Мэриянын алдындагы Маалымат борборуна шаардагы бардык кыбыр эткен иштер тууралуу журналисттерге маалымат берүүнү оозеки милдеттендирип, ишкана жетекчилеринен мындай укукту алып салды. Ишкана жетекчилеринен журналисттер маалымат же интервью берүүнү сурашса, алар Маалымат борборуна жөнөтүшөт. Ошентип, шаар мэри өлкө Президентинин айткан сынын тоотуп да койгон жок, себеби ал анын кудасы болот, ага чара көрбөйт.
Сөгүнчөөк мэр…
Мураталы Тагаев мэр болуп иштеген бир жыл ичинде Президент С. Жээнбековду каакым ордуна көрбөгөн киши катары гана эмес, көрүнгөндү ашата сөккөн “Сөккүч мэр” деген каймана атка ээ болгон чиновник катары да коомчулукка көрүндү. Биринчи кезекте ал өзү каалагандай аракет кылбаган журналисттерди сөгүүдөн баштаганы кызык. Ал Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмекбай Омошев менен ыйык Рамазан айында кечки тамактанууда бирге болуп, Жалал-Абаддагы журналисттерди оозго алгыс сөздөр менен сөккөн аудиосу интернет аркылуу дүйнөгө таркады. Ал сөккү областтык телерадиокомпаниянын гана эмес, КТРКнын журналисттерине багышталганы ого бетер таң калыштуу.
Эмне үчүн шаарды тынымсыз мактап аткан жана өзү каалагандай аракет кылган журналисттерди сөккөнү, ал эми тигил журналисттер буга эч бир каршы аракет жасашпаганы өзүнчө табышмак. Бирок, расмий эмес эсеп боюнча 170 миң калкы бар өлкөдөгү үчүнчү шаардын башчысы ыйык Рамазан айында ким-бирөөлөрдү коомдук жайда тартынбай сөгүп отурушу, балким, азыркы бийликтердин этикалык нормаларына туура келер, бирок адамдык адеп-ахлакка дегеле туура келбейт.
Балким муну да кудасы болгон өлкө Президенти кечирер, бирок Президент өзү айткандай, Кудай кечирбейт.
Кемпирди жок кылуу аракети…
Ошол ыйык Рамазан айындагы кечки ооз ачуу маалында шаар мэри журналисттерди гана ашата сөгүп чектелсе, анда жакшы болмок. Бирок, эч ким жазалай албастыгына көзү жеткен М. Тагаев (илгери түрмөдө жатып, ал жакта үйрөнгөнбү, айтор соо адамга туура келбейт) 72 жаштагы кемпирди жок кылуу аракетин да пландаганы үрөйдү учурат.
Ошол коомдук тамактануучу жайдагы Сузактын акими жана президенттик аппараттын кызматкери катышкан сүйлөшүүлөрдүн аудио жазмасында Жалал-Абад шаарынын тургуну Үрниса Турдиеваны Президентке жолуктурбай “жок кылуу” планы сүйлөшүлгөн. Бул чиновниктер эгер шаарга Президент келсе, анда шаар мэринен көргөн мурдагы кордуктарын айтып чыгат, жагымсыздык жаратат, ошондуктан аны бир жакка жоготуу керек деп эсептешкен. Бул аудио жазма интернетте тарагандан кийин жабырлануучу У. Турдиева өмүрү коркунучта экенинен санааркап, укук коргоо органдарына кайрылган. Тилекке каршы, 72 жаштагы коркуп калган кемпирдин арыз-даттануусунан да жыйынтык чыкпады. Мунун себеби баарына түшүнүктүү: шаар мэри М. Тагаев — Президенттин кудасы, демек, мыйзамдан жогору турат.
Жыйынтык жок! Болбойт дагы!
Өлкө башчысынын канкудасы Мураталы Тагаев тууралуу айта берсе сөз көп. Жалал-Абад шаарынын тарыхында мындай эрке башчы, өз билгенин жасап, өтүгүн төргө илген жетекчи боло элек. Ага област жетечилери да, укук коргоо органдарынын башчылары да өйдө карай алышпайт. Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, ишкана жетекчилерине да орой мамиле жасайт, бирок тигилер аны ачык айта алышпайт. Качан гана ал кызматынан кеткенде баарын төкпөй-чачпай айтып берүүгө даяр, бирок бүгүн эмес, коркушат. Жакпаган жетекчини “кызматтан алам” деп, шаардагы иштеп жаткан компаниялар “доля” бербей койсо, кайра-кайра текшертип, жүдөтүп жатканын көмүскө айтып даттанышууда. Ачык айтып чыга алышпайт, себеби шаар мэрине эч ким чара көрбөйт, ал Президенттин кудасы болот.
Кайсы бир журналистке “Жүзүң жакпады” деген бир сөзү үчүн КР өкмөтүнүн Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимовду бир жуманын ичинде кызматтан алган КР өкмөтү ишинен жарытылуу майнап чыгара албаган, ар кимди уруп-сөккөн, мыйзамдарды каалагандай бузган Мураталы Тагаевге бир эскертүү бергенге жарабады. Албетте, Президенттин кудасына кантип чара көрмөк эле, анда дароо отставкага кетери анык.
Жогоруда Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаевдин жүрүм-турумундагы мыйзамсыз аракеттер тууралуу гана айтылды. Шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү көптөгөн кемчиликтер тууралуу өзүнчө сөз болот.
Колдоочусу Турдуназир Бекбоевби?
Дагы бир кызык нерсе: Жалал-Абад шаарынын мэри менен Сузактын акими ыйык Рамазан айында чогуу ооз ачып, ачылган оозу менен журналисттерди чогуу сөгүп атканы бекеринен эмес. Алардын колдоочусу, жогору жакта алардын көлөчүн тууралап, ишин бүтүрүп турган кишиси бир. Ал президенттик иш башкармалыктын башчысы Турдуназир Бекбоев экенин Жалал-Абад шаарынын калкы сайрап жүрөт. Ага кошумча буларга президенттик аппараттагы Жалал-Абад областы боюнча куратор Чыныбек Анарбеков да колдоо көрсөтөрүн кеп кылышат. Баса, булар журналисттерди ашата сөккөн отурушта ошол Чыныбек мырза да бирге болгон, 72 жаштагы кемпирди “жоготуу” тууралуу планга анын да тиешеси бар.
Бул айтылгандар таптакыр ушак эмес, бул тууралуу биздин колубузга тийген М. Тагаевдин аудио жазмасында толук далил бар. Анда М. Тагаевдин колдоочулары Т. Бекбоев менен Ч. Анарбеков экени айтылат. Демек, президенттин иш башкармалыгы менен аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарына, социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө эмес, Президенттин кудасына колдоо көрсөтүү менен алек болушабы? Алардын кызматтык милдеттери ушундайбы?
Деген менен, аты аталган чиновниктер тууралуу айтыла турган кептер көп, алар өз кезеги менен айтылат.
Урматтуу Президент!
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизди сиздин жүргүзүп жаткан иштериңизди сынга алган саясий оппоненттериңиз эмес, дал ушул Мураталы Тагаев сыяктуу Сизге жакын кишилер, чиновниктер, кызмат адамдары зыян келтирип жатат. Сиз премьер-министр кезиңизде, Президенттик кызматтын алгачкы мезгилинде Жалал-Абад шаарынын тургундарынын арасында Сиздин аброюңуз өтө жогору болчу. Тилекке каршы, азыр андай эмес. Буга себепти бир гана кудаңыз – шаар мэри М. Тагаевден издеңиз.
Көрүп жатабыз, кайсы бир чоң чиновниктер кайсы бир кемчиликтери үчүн кызматтарынан кол жууп жатышат, бул абдан туура нерсе. Бирок, алардын кемчиликтери М. Тагаевдикинен алда канча майда нерселер го. Эмне үчүн М. Тагаевге эч ким үн катпай жатат? Ал ушунчалык эле Сизге керекпи?
Алдыда эң маанилүү – тагдыр чечер мезгил келатат. Ал – 2020-жыл, парламенттик шайлоолордун жылы. Жалал-Абад шаары дайыма өлкө башчысынын багытын колдоп келген, бирок бул жолкусунда андай болбой калышы толук ыктымал, себеби бул жерде кудаңыз иштеп турат. Ал Сиздин саясий багытыңызды колдогон күчтөрдүн жеңилишин камсыз кылып берерлигинде шек жок.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА,
Жалал-Абад шаары.