Быйыл 1-майда белгиленүүчү эмгекчилердин Эл аралык күнүн утурлай ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгышкан 4 ардагердин жубайлары ИИМдин «Жена офицера – опора, надежда и вера» деп аталган медалы менен сыйланышты. Алар — Кайры Токторбаева, Арзыкан Атабекова, Гүлбайра Жолдошова, Урият Раимкулова. Бул тууралуу областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ардактуу тѳш белгини Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов тапшырып, ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда жүргѳн отставкадагы офицердин жубайы болуу сыймык экенин белгиледи. ИИМде кѳп жылдар бою эмгектенген офицердин үй-бүлѳсүн бекемдеп, күн-түн дебей кылмыштуулукка каршы күрѳшкөн кишиге бекем жѳлѳк болуу Мекен үчүн ак кызмат кылуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында жасалган зор салым экендигин айтып, дѳѳлѳттүү эс алууну каалады.
Ал эми тѳш медалды тагынып, кубанычы койнуна батпай, толкуп ташып турган Арзыкан Атабекова:
-Бул белек биз үчүн күтүлбѳгѳн сыйлык болду, 30 жылдан ашуун чогуу турмуш куруп, ошончо мезгил милициянын жубайы болуп, ар кандай учурларда анын жанында жѳлѳк болуп, дем берип келдик. Эмгегибиз, мээнетибиз бааланып, сыйланып жатканыбызга кубанычтабыз, — деп, ИИМдин, ОИИБнин жетекчилигине, ички иштер органдарынын ардагерлер кеңешине ыраазычылыгын билдирди.