Жалал-Абад областык статистика башкармалыгынын маалыматына ишенсек, быйылкы биринчи чейректе өлкөдөгү киргизилген карантин режимине карабастан тышкы соода жүргүзүүнүн көлөмү өскөн. Мисалы, алгачкы үч айдагы тышкы сооданын көлөмү 61 миллион 113,7 миң АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 16 миллион 895,7 миң АКШ долларына көбөйүп, өсүү темпи 138,2 пайызга жеткен. Башкача айтканда, 2019-жылдын биринчи чейрегинде тышкы соода жүргүзүү көлөмү 44 миллион 218 миң АКШ долларын түзгөн.
Областта баалары боюнча алып караганда экспорттун көлөмү импорттон ашып түшкөн. Башкача айтканда, экспорт менен импорттун айырмасы 33 миллион 800,1 миң АКШ долларына жетип, оң сальдону камсыз кылды.
Январь-март айларында баасы 47 миллион 456,9 миң АКШ доллары өлчөмүндө ар кандай чийки заттар, товарлар сыртка жөнөтүлүп, өткөн жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 12 миллион 685,6 миң АКШ доллары өлчөмүндө көп чыгарылды да, өсүү темпи 136,7 пайызга жетти. Ошентип, экспорт тышкы соода жүргүзүү көлөмүнүн 77,6 пайызын түздү.
Ошол эле кезде импорттун көлөмү да өскөн. Быйылкы январь-март айында област боюнча 13 миллион 656,8 миң АКШ доллары өлчөмүндө ар кандай чийки заттар, товарлар алынып келинип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4 миллион 210,1 миң АКШ долларына көбөйгөн. Демек, өткөн жылы биринчи чейректе импорттун көлөмү 9 миллион 446,7 миң АКШ долларына барабар болгон. Өсүү темпи 144,5 пайызды, импорттун көлөмү тышкы сооданын 22,4 пайызын түздү.