Кыргызстанда өнөр жай потенциялы жогору делген Жалал-Абад областында 2020-жылдын 1-январына карата 3 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турганы маалым болду. Бул тууралуу расмий маалыматтарда айтылат.
Иши токтоп турган өнөр жай ишканаларынын катарына Ноокен районундагы “Мермер” жоопкерчилиги чектелген коом да кирет. Бул ишкана мрамор ташын өндүрүүчү ишкана болуп эсептелип, өндүрүлгөн продукцияга суроо-талаптын жоктугунан иштебей токтоп турат. Ошондой эле Сузак районундагы «Жетиген» ачык акционердик коому да ишин жүргүзө албай жаткан ишканалардын тизмесинде. Бул ишкана суу түтүк колонкаларын өндүрүү менен алектенип, айланма каражаттын жана өндүрүлгөн продукцияга суроо-талаптын жоктугунан токтоп турат.
Областтын борбору аталган Жалал-Абад шаарындагы “Көк-Арт” ачык акционердик коому да ишин жүргүзө албай, үзгүлтүккө учуратканы маалым. Бул жыгачты кайра иштетүүчү завод да жогорудагыдай эле айланма каражаттын жана өндүрүлгөн продукцияга суроо-талаптын жоктугунан иши артка кетип отурат.
Ал эми Тогуз-Торо районунун казынасын толтуруп, өлкөнүн өнөр жайынын алдыңкыларынан болуп келген “Макмалалтын” комбинаты реконструкция болгондугуна байланыштуу ишин токтоткон.
Кыргыз Республикасынын Президенти быйылкы жылды да аймактарды өнүктүрүү маселесине багыштап, атайын жарлык чыгарган. Балким, ишин жүргүзө албай жаткан өнөр жай ишканалары жолун таап иштеп кетишер.