Жалал-Абад областындагы бир катар район-шаарларда өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн өсүү темпи начар. Демек, жер-жерлерде экономикалык маселелер колго алынбай жатканы анык. Бул тууралуу расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн.
Алсак, областын район-шаарлары боюнча физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи Аксы районунда 77 пайызга, Тогуз-Торо районунда 44,2 пайызга, Кара-Көл шаарында 96,1 пайызга, Майлуу-Суу шаарында 83,2 пайызга, Таш-Көмүр шаарында 95,8 пайызга араң аткарылган. Бул район-шаарлардын жетекчилиги, ишканалары өткөн жылга салыштырмалуу продукциянын физикалык көлөмүнүн өсүүсүн камсыз кыла алышпаган.
Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” комбинаты реконструкция болгондугуна байланыштуу иши токтоп, продукциянын көлөмү аз болсо, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларындагы Токтогул ГЭС каскады, Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы, жана Камбар-Ата ГЭСи өткөн жылга салыштырмалуу 492,7 миллион киловатт/саат энергияны аз өндүрүшкөн. Буга жайкы мезгилде кезектеги ремонт иштери жүргүзүлгөндүгү себеп болгон. Ал эми Майлуу-Суу шаарындагы “Майлуу-Суу электр лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коому мурдагы жылга салыштырмалуу өткөн жылы 21 миллион 471,1 миӊ даана электр лампаны аз өндүргөн.
Өткөн 2019-жылды КР Президенти аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган, бирок Жалал-Абад областындагы негизги өнөр жай ишканалары жана район-шаарлары продукциянын физикалык көлөмүн азайтып жиберишкен. Эми быйылкы жыл да аймактарды өнүктүрүүгө арналды.