Өткөн төрт ай иичинде Жалал-Абад областынын район-шаарларында продукция өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн өсүшү бир кылка болгон жок. Мыкты көрсөткүчтү Ноокен району көрсөтсө, Сузак району артта калды. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин аймактык бөлүмүнөн билдиришти.
Жалпы алганда өткөн төрт ай ичинде өндүрүлгөн продукциянын Ала-Бука районундагы физикалык индексинин өсүү темпи 107,5 пайызды, Аксы районунда 125,4 пайызды, Базар-Коргон районунда 110,3 пайызды, Чаткал районунда 126,3 пайызды түздү. Ал эми шаарлар арасында Жалал-Абадда 101,2 пайыз, Таш-Көмүрдө 103,5 пайыз камсыз кылынган.
Област боюнча начар көрсөткүчтү төмөнкү район-шаарлар камсыз кылышып, областтык көрсөткүчтү артка тартышты. Мисалы, өндүрүлгөн продукциянын физикалык индексинин өсүү темпи Сузак районунда араң эле 41,2 пайыз, Тогуз-Торо районунда 95,2 пайыз, Токтогул районунда 96,8 пайыз, Кара-Көл шаарында 97,3 пайыз, Майлуу-Суу шаарында 58,3 пайыз камсыз кылынган.
Майлуу-Суу шаарындагы “Майлуу-Суу электр лампа заводу” жоопкерчилиги чектелген коому 19 миллион 258,5 миң электр лампасын өндүргөн болсо, ал өткөн жылы ушул мезгилге салыштырмалуу 16 миллион 148,8 миң даана электр лампага аз болду. Натыйжада Майлуу-Суу шаарынын көрсөткүчү артка кетти.