Жалал-Абаддагы областтык китепкана болжол менен жыйырманчы кылымдын биринчи жарымында курулуп, эскилиги жеткен. Жаңы имаратка муктаж, бирок аны курууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул тууралуу аракет баштай элек. Китепканачылар өздөрүнүн каражатына жаңы имараттын долбоорундаярдашкан, аталган министрликке кайрылышкан, бирок андан 12 жылдан бери майнап чыга элек. Бул тууралуу областтык китепкананын директору СейилханАталиева билдирди.
Китепкана адистеринин айтымында, эски имаратта китеп фондусун сактаганга болбойт, тар бөлмөлөрүндө талаптагыдай иш жүргүзүү мүмкүн эмес, окурмандар үчүн да ыңгайсыз. Конференциялык бөлмө, китеп жана гезит журналдарды сактоочу атайын жертөлөсү да жок.
Китепкананын жетекчилигинин айтымында, китепкананын заманбап жаңы имаратын курууга бери болгондо 65 миллион сом каражат керек. Областта өзүнүн бюджети жок, демек, аны республикалык бюджеттин гана күчү менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги курушу тийиш.
Эске сала кетсек, Жалал-Абадагы областтык китепкана 1926-жылы жылы ачылган, бирок имаратынын качан курулганын эч ким билбейт. Өткөн 93 жыл ичинде бул имаратта аскер комиссариаты жайгашып, башка максаттарга да пайдаланылган. Ар кайсы трибуналарды рухий баалуулук, коомдун өнүгүшүндөгү китептин ролу тууралуу риторикалык кептер айтылганы менен эми заманбап китепкана качан куруларын эч ким так айта албайт.