«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Рахманов Дурусбек Ашимович дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин пресс-катчысы билдирди.
Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабатэлектро» ААКнын акционердик коомунун башкы директору болуп Рахманов Дурусбек Ашимович дайындалды. Жетекчинин коммерциялык маселелер боюнча орун басарлыгына Джумабаев Мыктыбек Кубакович, экономика жана каржы боюнча орун басарлыгына Байсымаков Мирлан Маликжоомартович дайындалышты.
Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды. Рахманов Дурусбек Ашимович буга чейин Жалал-Абад район электр тармактарынын башчысы болуп иштеп жаткан. Мурунку башкы деректир Кеңешбек Маматканов жана орун басарлары мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетишти.
Ошондой эле Таалай Узенбаев Жалал-Абад областык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Өткөн аптанын жума күнү жетекчи жамаатка тааныштырылган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Мурдагы жетекчи Зайырбек Кыралиев өз арызы менен жумушунан кеткен.
Жаңы жетекчинин өмүр баяны төмөнкүдөй.
Аты-жөнү: Узенбаев Таалайбек Ыманбекович.
Туулган жылы: 1960-жыл.
Туулган жери: Аксы районунун Афлатун айылы.
Билими:
— 1980-1996-жылдары Фрунзе палитехникалык техникуму, техник-гидротехник, менеджер адистиги.
Эмгек жолу:
— 1980-1986-жылдары – Ала-Бука райондук капиталдык курулуш чарбасында мастер;
— 1986-1990-жылдары – Ала-Бука райондук капиталдык курулуш чарбасында прораб;
— 1990-1991-жылдары – Жаңы-Жол суу чарба кызматында эксплуатация боюнча башчынын орун басары;
— 1991-1992-жылдары Токтогул суу сактагычында эксплуатациялоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары;
— 1992-1997-жылдары – Токтогул суу сактагычынын эксплуатациялоо боюнча башкармалыгынын башкы инженери;
— 1997-1999-жылдары – Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында мамлекеттик инспектор;
— 1999-2001-жылдары – «Суу ресурстарын башкаруу» долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча уюштуруучу-менеджери;
— 2001-2002-жылдары – «Суу ресурстарын башкаруу» долбоорунун Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарын суу менен камсыз кылуу боюнча жооптуу уюштуруучу;
— 2002-2003-жылдары – «Береке-Кут» фермердик чарбасынын башчысы;
— 2003-жылы — Ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн адиси;
— 2004-2007-жылдары – «Ирригациялык системаларды кайра калыбына» долбоорунда инженер, техникалык көзөмөлдөөчү;
— 2007-2008-жылдары – «Береке-Кут» фермердик чарбасынын башчысы;
— 2008-2010-жылдары – Жалал-Абад облустук администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын сатып алуу боюнча адиси;
— 2010-2012-жылдары – Жалал-Абад облустук администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгында техникалык көзмөлдөөчү;
— 2012-2013-жылдары – Турак жай-жарандык курулуш департаментинде инженер, техникалык көзөмөлдөөчү;
— 2013-2018-жылдары – Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгында мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.