Жалал-Абад областында нефть жана көмүр өндүрүү көлөмү кыйла артты. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде нефть өндүрүү көлөмү 52,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3 миң тоннага көп болду. Ал эми ушул эле мезгилде өндүрүлгөн көмүрдүн көлөмү 46 миң 613,4 тоннага жетип, өткөн жылдагыга караганда 32 миң 933,2 тонна көп алынды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында биринчи чейректеги ишмердикти талкуулаган жыйында белгилүү болду.
Ушундай эле тоо-кен тармагында да алга жылуулар байкалып, биринчи чейректе 6 миллиард 299,3 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөнү, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 101,6 пайызга аткарылганы айтылды. Бул болсо областта өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн 38,8 пайызын, республикада өндүрүлгөн көлөмдүн 9,8 пайызын түзөрүн билдирет.
Андан сырткары, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи ирет сырьёну алуу тармагында да иш алдыга кетип, продукциянынфизикалык көлөмүнүн индекси 111,4 пайызды түздү. Бирок, кайра иштетүү тармагында продукциянын көлөмү өткөн жылдагыдан аз: физикалык көлөмдүн индекси 86 пайызды гана түзүп, алжалпы өнөр жай продукциясынын 10 пайызына барабар.
Ушундай эле артта калуу электр энергиясы, газ, буу, кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында сезилди, андагы физикалык көлөмдүн индекси 97,4 пайызга туура келип, жалпы өнөр жай продукциясынын 50,6 пайызын камсыз кылды. Анын ичинен электр энергиясын өндүрүү көлөмү 94,1 пайызга аткарылып, өсүү темпи камсыздалбады.
Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмдүн индекси Аксы районунда 39,3 пайызга, Базар-Коргондо 85,2 пайызга, Сузакта 81,6 пайызга, Тогуз-Тородо 0,3 пайызга, Кара-Көл шаарында 94,9 пайызга, Майлуу-Сууда 89,1 пайызга, Таш-Көмүрдө 98,6 пайызга аткарылган.