Жалал-Абадда 43 май куюучу жайдын 10у таптакыр мыйзамсыз экени аныкталды. Алардын ичинен экөөсүнүн иши шаардык сотко, бирөөсү Сузак райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди. Калган жети мыйзамсыз жайдын документтери да сотко даярдалып жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын инспектору Уланбек Абылкасымов билдирди.
-Мамлекеттик экотехинспекция кызматы тарабынан эч бир май куючу жайга уруксат кагазы берилген эмес. Анткени эч бири талапка жооп бербейт. Өрт коопсуздук эрежесине ылайык алар турак жайлардан, имараттардан 50 метр алыстыкта жайгашуусу керек. Рейд учурунда өрт коопсуздук талаптарын так сактабаган учурлар да аныкталды. Ошондой 43 объектке жалпы суммасы 275 миң сомдук административдик айып пул салынган. Айрымдарына эскертүү берилди, — дейт ал.
Шаар тургундарынын жашоосуна чоң коркунуч жараткан жагдайда бизнесин гүлдөтүп келген май куюучу жайларга чара көрүү буга чейин колго алынган эмес. Качан гана Жалал-Абад шаарындагы өндүрүштүк зонадан ири өрт кырсыгы чыккандан соң мамлекеттик экотехинспекция аракетке келе баштады. Ири өрттү негиз кылып, министрлике кайрылуу жасап, рейд уюштурууга уруксат алышкан.
Мамлекеттик экотехинспекция текшерүү иштери Жалал-Абад шаарында жана Сузак райондорунда улантылып жатат.