Жалал-Абад шаарында өткөн кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкер Чыңгыз Бегматов өз салмагы боюнча мелдештин жеңүүчүсү болду. Ал эми эл аралык мелдештин демилгечиси КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатылбадиев болуп саналат. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык №1 олимпиадалык спорт мектебинин директору Алишер Акимбаев билдирди.
Кечээ, 17-апрель күнү Жалал-Абад шаарында кикбоксингдин К-1 категориясы боюнча чоңдор арасында эл аралык профессионалдык мелдеш болуп өттү. Мелдеште Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мушкерлери он салмактык категория боюнча катышып, күч сынашты.
Алынган маалыматка караганда, эл аралык достук кубогу үчүн коңшу Өзбекстандан сегиз, Тажикстандан эки, ал эми Кыргызстандын намысы үчүн он спортчу беттешкен. Жыйынтыгында кыргызстандык он спортчунун тогузу жеңишке жетишсе, 60 килограммдык салмактагы кыргызстандык Шерзод Давытов өзбекстандык атаандашы Дастан Илашовдон жеңилүү ызасын тартты.
Эл аралык мелдеште Орто Азиянын чемпиондук наамы үчүн беттешкен 62 килограммдык салмактагы Чыңгыз Бегматов менен өзбекстандык спортчу Датонун беттеши күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Эки мушкердин беттеши эки раундга созулуп, экинчи раундда Ч. Бегматов техникалык нокаут менен атаандашын жеңип, чемпиондук курду курчанды.
Эскерте кетсек, достук үчүн уюштурулган бул эл аралык мелдеш 20-апрелге чейин уланат. Бүгүн жана эртең болуучу турчу мелдештер өспүрүмдөр арасында болмокчу.