Кыргызстанда алгачкы жолу 2 миңден ашуун окурманды камтыган китеп фестивалын Жалал-Абад жаштары уюштурмакчы. Мындай иш-чаралар “Китепкөй өлкө”, “Бир адамдан — бир китеп”, “Китепкөй Ала-Тоо” долбоорлорунун алкагында өлкөнүн бардык эле аймактарында уюштурулуп келген. Ал эми Жалал-Абадда өтүүчү фестиваль катышуучулардын санынын көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Бул тууралуу уюштуруучу жаштар билдиришти.
“Китепкөй Жалал-Абад фестивалы” 18-октябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өтөт. Ага маданият жана маалымат, туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идрис Айитбаев, жеке ишкер Түгөлбай Сейдалиевдер сыйлуу конок катары катышат. Ата-энелерге, мугалимдерге жана жалпы жаштарга арналган түрдүү темадагы тренингдер, китеп жарманкеси, оюн-зооктор жана ыр-бий менен коштолот.
Кирүү акысыз, болгону ар бир адам өзү менен кошо бир китеп же бир окурман ээрчите келүүсү суралган.