Буга чейин өлкөнүн түштүк аймагында болбогон, баасы миллиондорду чапчыган заманбап медициналык аппараттар келди. Мындан улам дарыгерлердин иши жеңилдеп, көбүрөөк операция жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад областык клиникалык ооруканансынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Көчөров билдирди.
Учурда Жалал-Абад областтында Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан көз ооруларын азайтуу аракеттери боюнча атайын долбоор ишке ашып жатат. Анын алкагында аталган коомдун демөөрчүлүгү менен Жалал-Абадда областтык клиникалык ооруканасына жана Аксы районундагы, Кара-Көл шаарындагы аймактык ооруканаларга жалпы баасы 6 миллион сомдон ашык 4 медициналык аппарат сатып алынган. Бул эң керектүү болгон аппараттардын жоктугунан бейтаптар жеке менчик клиникаларга кайрылууга аргасыз болуп келишсе, дарыгерлер диагноз коюуда кыйналышчу.
А.Көчөров кошумчалагандай, былтыркы жылы Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүндө 9 айда 200 адамга операция жасалган. Үстүбүздөгү жылдын май айында жаңы аппарат алышкан жана жыл башынан берки операциянын саны 241ге жетти. Эми жаңы аппараттардын жардамы менен операциялардын саны арбып, көз оору менен жабыркап жүргөндөр саны азаят деп болжолдонууда.
Ошондой эле, Улуттук Кызыл Ай коомунун бул долбоору 2021-жылга чейин уланат. Жалал-Абаддагы көз дарыгерлери долбоор алкагында дагы көз ооруларын айыктыруудагы эң керектүү бир нече аппараттарды алдырууну көздөп турушат. Антпесе алардын ар биринин баасы миллион сомдон ашык болгондуктан, саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чечилиши кыйын.
Роза АКМАТЖАН кызы.