Быйылкы жарым жылда төрөт учурунда каза болгон энелердин саны 5ке жетип, бир жашка чейинки балдардын өлүмү боюнча 202 факты катталды. Бул көрсөткүтөр былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 6 айлык отчётунда маалымдалды.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 14 миң 99 жаш бала төрөлүп, 202 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталган.Былтыркы жылдын жарым жылына салыштырмалуу 2,0 көрсөткүчкө кѳбѳйгѳн. Тактап айтканда,2018-жылдын 6 айында 169 бир жашка чейинки балдардын ѳлүмү катталган эле.
Балдардын өлүмү Аксы районунда 12ге, Базар-Коргон жана Ноокен районунда 1ге, Сузак районунда 4кѳ, Майлуу-Суу шаарында 1ге, Жалал-Абад шаарында 3кѳ өскөн.Ошондой эле, энелердинтөрөт учурундагы 5 өлүмү катталган.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында эне жана балдардын өлүмүнүн көбөйүп жатканы биринчи кварталдын отчётунда дагы айтылып, чара көрүү тарабы тиешелүү кызматтарга эскертилген. Ал эми Жалал-Абад областык бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова ара төрөлгөн балдардын көптүгүнөн көрсөткүч өсүп жатканын билдирген.
-Акыркы жылдары ара төрөлгөн балдар көп болууда, чарчап калгандардын арасында кырсыкка учурап келгендери да бар. Бизде областта ара төрөлгөн балдардын эки гана ооруканасы бар. Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында, — дейт ал.
Төмөндөгү таблицада балдардын өлүмү боюнча район-шаарлардын көрсөткүчтөрү берилген.
№ | Район-шаарлар | Бир жашка чейинки балдардын өлүмү | 1000 тирүү төрөлгөн балдардын санына көрсөткүч (ПМС) | ||
2018-жыл | 2019-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | ||
1 | Аксы | 10 | 22 | 8,1 | 18,1 |
2 | Ала-Бука | 11 | 10 | 9,2 | 8,1 |
3 | Базар-Коргон | 18 | 19 | 10,3 | 10,8 |
4 | Ноокен | 10 | 11 | 6,8 | 6,8 |
5 | Сузак | 21 | 25 | 8,5 | 8,9 |
6 | Токтогул | 4 | 4 | 4,9 | 5,2 |
7 | Тогуз-Торо | 2 | 3 | 10,1 | 16,4 |
8 | Чаткал | 3 | 1 | 14,4 | 5,3 |
9 | Жалал-Абадобл.тѳрѳтүйү (катталбагандар) | 86 | 106 | 26,8 | 32,6 |
АныничиндеЖалал-Абадшаарында | 11 | 13 | 10,3 | 10,6 | |
Майлуу-Суу | — | 1 | — | 4,6 | |
Таш-Көмүр | 3 | — | 5,3 | — | |
Кара-Көл | 1 | — | 3,7 | — | |
Областбоюнча | 169 | 202 | 12,5 | 14,5 |