КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында быйылкы жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыктары талкууланып, анда район-шаарларда жумуш орундарын түзүү жагынан жетиштүү иш жүрбөгөнү сынга алынды.
Алсак, быйылкы жылдын 1-апрелине карата областтын аймагында чакан жана орто бизнестин 24 жаңы ишканалары ишке киргизилген. Анын ичинен өнөр жайында 3, соода тармагында 4, айыл чарбасында 1, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 17 ишканалар ишке кирген. Аталган ишканаларда жалпысынан 73 жумуш орундары камсыз кылынган.
Район-шаарлар боюнча алганда Ноокен районунда 4 ишкана түзүлүп, 12 жумуш орун, Токтогул районунда 7 ишкана түзүлүп, 27 жумуш орун, Жалал-Абад шаарында 8 ишкана түзүлүп, 31 жумуш орун, Кара-Көл шаарында 1 ишкана түзүлүп, 1 жумуш орун, Таш-Көмүр шаарында 2 ишкана түзүлүп, 2 жумуш орунукамсыз болду.
Бул багытта жакшы иш алып барылбаганы үчүн аталган район-шаарлардын жетекчилерине эскертүү берилди.