Быйылкы окуу жылында Өзбекстандан жана Индиядан келген студенттердин саны көбүрөөк. Ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кабыл алуу каомиссиясынын жооптуу катчысы Эмилбек Төлөновдун билдиришинче, шаарга чет өлкөдөн келип окуп жаткан студенттердин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп болууда.
-Быйыл Өзбекстандан, Орусия жана Тажикстандан жалпы 600дөй абитуриент документ тапшырган болсо, алардын 400дөйү окууга өттү. Медицина факултетинин дарылоо иши бөлүмүнө Өзбекстандан 300, ал эми фармацевтика адистигине 100 студент кабыл алынган. Ошондой эле, Тажикстандан 2, орусиялык 1 студент окууга өткөн. Булардан сырткары, Индиядан быйыл 1-курска 513 студент кабыл алынды. Эми кезек пакистандык студенттерде, алардан 87 документ келип түшкөн. Кабыл алуу сынагы 5-октябрга белгиленген, — дейт Э. Төлөнов.
Учурда чет өлкөлүк студенттер толук кабыл алынып, жайгашып бүтө элек. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетине Өзбекстандан болжол менен 100дөн ашуун, ошондой эле Орусия жана Нигериядан ондон ашуун студенттер кабыл алынып жаткандыгын билдиришти. Аталган университетте азырынча чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу толук аяктай элек.