Өзбекстандын фермердик чарбалары энергия алуу үчүн өз аймактарына күн электр станцияларын орното башташты. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен fergana.agency жазып чыкты.
Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, Жизак областынын жүзүм талааларына сентябрдын башынан суу насосторун электр кубаты менен камсыз кылуу максатында фотоэлектр станциялары орнотуу башталган. Аны Өзбекстандан чыгарылып жаткан күн панелдерин орнотуу менен алектенүүчү «Офтоб Нур» компаниясы орнотууда.
Маалыматта мындай жабдуулар саатына 10 киловатт электр кубатын иштеп чыгаары айтылган. Бир күндүн ичинде мындай панелдер 80 киловатт электр кубатын иштеп чыгарышат. Адистердин айтымында, жабдуу өзүн бир жыл ичинде актап бүтөт. Ал эми бул фермердик чарба жыл ичинде 25,6 миң доллар пайда тапкан, күн жабдууларынын наркы болсо 8,3 миң доллар турат. Эгер фермер өз чарбасына электр чубалгысын тартып келсе, 26,1 миң долларын жоготмок жана жыл сайын электр кубатына 950 доллардан чыгым жасамак.
Кошумчалай кетсек, Өзбекстандагы альтернативалык энергиянын башкы булагы – күн. Бул жагынан өлкөнүн потенциалы 50,9 миллиард тонна нефти кубатына барабар. Ал эми 140 киловатт кубаттуулуктагы биринчи күн электр станциясы 2014-жылы эле ишке кирген. Ал эми 2017-жылы майда кайталап өндүрүлүүчү энергетиканы өнүктүрүү тууралуу документке кол коюлган. Анда 2025-жылга чейинки 5,3 миллиард долларлык 810 долбоор ишке ашаары айтылат. Бул аралыкта кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарынын үлүшү 12,7 пайыздан 19,7 пайызга өсөт.
Өткөн жылдын майында «Узбекэнерго» компаниясы менен Кайман аралдарында катталган SkyPower Global компаниясы келишим түзүп, Өзбекстанда жалпы кубаттуулугу 1000 мВт болгон фотоэлектр күн энергиясын иштеп чыгуучу объекттерди куруу пландалды. Мында чет элдик өнөктөрдүн долбоорго кошо турган инвестициясынын көлөмү 1,3 миллиард доллар болууга тийиш.
Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев быйыл май айында альтернативдүү энергия иштеп чыккандарга жана керектегендерге салык жеңилдиктери берилери тууралуу мыйзам актысына кол койгон.